www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2020-жылдын 8 ай ичинде 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, 1 миң 208 жумуш оруду түзүлгөн, алардын ичинен облустар боюнча:

  • Баткен облусу боюнча сегиз айда 3 ишкана пайдаланууга берилди, 42 иш орду түзүлгөн;
  • Жалал-Абад облусу боюнча жети айда 10 кайра иштетүүчү ишкана түзүлүп, 143 жумуш оорду түзүлгөн;
  • Ош облусу боюнча 5 ишкана пайдаланууга берилип, 85 иш орду түзүлгөн;
  • Талас облусу боюнча 3 ишкана пайдаланууга берилди, 100 жумуш орду түзүлгөн;
  • Ысык-Көл облусу боюнча 7 ишкана ишке берилди, 135 жумуш орду түзүлгөн;
  • Нарын облусу боюнча 5 ишкана ишке берилди, 93 иш орду түзүлгөн;
  • Чүй облусу боюнча 6 ишкана ишке берилп, 550 жумуш орду түзүлгөн;
  • Ош шаары боюнча 1 ишкана ишке берилди, 60 жумуш орундары менен камсыз болду.

Бул чөйрөдөгү негизги багыттар болуп, заманбап технологияларды киргризүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүүдө энергия ресурстарды үнөмдөө

Программанын негизги максаты - азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү менен тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү, өлкөнүн калкын сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен камсыздоо болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости