www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Саламатсызбы Жыргалбек мырза, «Мекеним Кыргызстан» партиясына мүчө болгонуңузда ар ким ар кандай жоруп, божомолдоп сөз чыгарды. Сиз кандай жооп бересиз?

--«Мекеним Кыргызстан» партиясына мүчө болгонуңузда ар ким ар кандай жоруп, божомолдоп жатышат. Чындыгында, аталган саясий бирикмеде менин пикирлештерим, максатташтарым чогулган. Ар бирибиздин максатыбыз бир. Бул – мыйзам үстөмдүгү орногон, ар бир жаран өзүн коопсуз жана эркин сезген, баштаган иши мамлекет жана мыйзам менен корголгон, эгемен, өнүккөн өлкөнү түптөө. Жасаган аракеттер натыйжалуу болушу үчүн тилектештериң менен биргеликте, ынтымакта иш алып барган оң. Партиянын программасы менен таанышсаңыздар, менин багытымдан кабардар болосуздар.

-- Парламентке кайрадан баруу кадамы менен калкка кандай кызмат кыласыз?

--Парламентке кайрадан баруу кадамым да элиме кызмат кылуу менен негизделет. Буга чейинки баштаган иштеримди улантып, жыйынтык чыгаруу максатында тандоо укугумду колдондум. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештеги 5 жылдык депутаттык ишмердигимде башка депутаттар менен 32 мыйзам демилгелептирбиз. Ал эми жеке өзүм 8 мыйзам долбоорун жазып, алар кабыл алынды.

Ар бир атуул үчүн кичи мекени жакын болот экен. Нарынды өзгөчө жакшы көрөм. Кайрымдуулук иштеримдин көпчүлүк багыты ошол жакка арналыптыр. Жумгалда бир да айыл өкмөтү көңүл сыртында калбаганын жасалган иштер боюнча отчёт даярдап жатып байкадым. Тизмектеп отуруунун деле кажети жок болсо керек. Эң башкы багыт – билим берүү, спорт, жарыктандыруу жана саламаттык жаатында болду.

Жалпылап айтканда, аз камсыз болгон, бирок билим алууга шыктуу балдардын контрагын төлөп, алдыңкы окуучуларга стипендия берип шыктандырып турам. Жаштарды сергек жашоого үндөп, спорт оюндарын уюштуруп, спорт аянттарын салып же жабдып бергенди колго алгам. Жарык болсун деп айыл көчөлөрүн жарыктандырып, 14 трансформатор орнотулду.

Депутат жергиликтүү эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болоруна ынандым. Бекеринен эл өкүлү аттанбайт да. Министрлер менен элдин жолугушууларын уюштуруп берип турдум. Ден соолук кербенин өткөрдүм. Азыр деле Жогорку Кеңешке кайрадан талапкер болгонумдун себеби баштаган иштеримди улантуу максатын көздөйт.

--Кыргыз эли өзү кандай калк?

Биз табиятыбыздан өтө мекенчил жана ынтымактуу эл экенибизди жүрөк үшүн алган пандемия көргөздү. Ар бир кыргызстандык колунан келген жардамын берип, журтташтарыбыз каражат которушуп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып вирусту жеңип бара жатпайбызбы. Мен дагы колумдан келген жардамымды бердим.

Алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө да ак-караны ажыратып, ынтымакта татыктуу партияны шайлап алабыз деп ишенем. Эң негизгиси элде ырыскы, ишеним жана тынччылык болсун.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости