www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен айыпталып кармалды, коомчулукта «мыйзамсыз кармалды» деген сөздөр айтылып жатат...

- Бир эле ага эмес, өтө күчтүү саясатчыларга, бизге дагы кызыктай мамиле жасалып жатат. Биздин жогору жактагыларга болгон кайрылууларды бурмалап, башкача жазып чыгарып койгон учурлар болду. Ортодо кызыкдар күчтөр бар окшойт...

Ошондуктан фейк-кайрылуулардын, жалган сүйлөшүүлөрдүн негизинде камоолор өтө коркунучтуу эле эмес, бул мыйзамдуулукка чоң доо кетирет. Арты чындап эле толкундоолорго алып келиши мүмкүн.

Мисалы, учурунда «Ата Журт» фракциясынан көп депутаттар куугунтукка алынган. Ошол эле Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибековдор жаман жалаа, оор статьялар менен камакка алынып, аягы эмне менен бүттү? Аны өзүңөр билесиңер.

Мындай мыйзамсыздыкка жол бербеш керек. Адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, акыйкаттуулукту жана калыстыкты бекем кармоо зарыл. Ушул төрт нерсе бийликтин негизги фундаменти болуш керек. Себеби, бул ыйык эрежелер, муну катуу кармабаса, бийликтин пайдубалына доо кетет.

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду камаганда мына ушул «Бийликти басып алуу» беренесин коюшкан. Бул берене бийликти басып алууга аракет кылгандар уюм түзүп, курал-жарак чогултуп, бийликти басып алып, президенттин же кайсы бир бийлик бутагындагылардын кеңселерин үч күн бою ээлеп отуруп алганда колдонулат. Бирок, андай болгон жок да.

- Балким биз билбеген, ачык айтылбаган башка жагдайлар бар?

- Курсан Асанов менен Сарыбаевдин сүйлөшкөн аудиосун укканга аябай аракет кылдым. Бирок, эч уга албай койдум. Текстте болсо ар түрдүү сөздөр жазылып турат. Көптөрдөн «чын эле ушундайбы?» деп дагы сурасам, айта алышпады. Жаздырууда шум барбы же алар башка нерсени сүйлөшүп жатабы, белгисиз.

«Бийликти күч менен басып алды» деп талибандардын Ооганстанды басып алганын айтсак туура. Алар «Талибан» деген уюм түзүштү, ок-дарыларын чогултушту, атышты, андан кийин алардын кабинеттерин ээлеп, бийликтерин тартып алышты.

«Бийликти күч менен басып алууга аракет жасады» деген беренеде деле «уюм түзүш керек, анын мүчөлөрү болуш керек» деп жазылган. Кайсы мүчө?

Чынын айтканда, азыр саясатчылардын баардыгы шайлоо менен алек болуп жатат. «Митинг уюштуруп, бийликти күч менен алайын» деген эч кимдин оюнда жок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости