www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Биз, шаардыктар Нариман Тюлеевтин кадырын баалабадык", - деп экс-депутат Жылдыз Жолдошова социалдык баракчасына жазып чыкты.
--Калыс сөзүмү айтууга убакыт келди окшойт. Бишкек шаарынын мэри, керек болсо КР Премьер министринен дагы күчтүү инсан болуш керек. Нариман Тюлеев Мэр болуп турганда (мурунку бийлик кандай гана жалган жалаалар менен, Тюлеевтин мүлктөрүн рейдерлик жасашып тартып алуу менен чектелбестен, мыйзамсыз камаган аны баарыбыз билебиз), спонсорлордун эсебинен Южный магистраль, Бөкөнбаев көчөлөрү асфальтталган. "Сүйүү" паркы, көптөгөн скверлер оңдолуп, Ала-Тоо аянты калыбына келген. Шаар таптаза болуп, кулпунуп түрдүү гүлдөргө оролгон. Азыркы салынган, о.э. салынып жаткан парктар Н. Тюлеевтин идеялары, пландары эле.
Эгерде, Бишкек Мэрин шаардыктар өздөрү шайлай турган болсо, талашсыз Нариман Тюлеев Мэр болмок!
Ошондуктан, быйылкы жылдын Бишкек шаардык Кеңешине катышууңузду суранам, урматтуу Нариман Ташболотович, биз Сизди баарыбыз колдойбуз. Себеби Бишкек шаары, республикабыздын борбору. Бишкек шаары сенин, менин сүйүктүү, көрктүү шаарыбыз. Келгиле Нариман Тюлеевти колдоп алалы, - дейт Жолдошова өз сөзүндө.
Булак: NazarNews.kg