www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева ак таңдай акын, маркум Элмирбек иманалиевдин атынан фон түзүү керек деген пикирин билдирди.

Жыпаркүл Турсунбаеванын пирики төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Ушул күндөрү Элмирбектин Ысымына байланыштуу, мындан наркы кадамдар тууралуу ар кандай пикирлерди элдик талкууга таштап, анда фонд түзүү, Элмирбек Иманалиев атындагы сыйлык негиздөөнүн айланасында ар кандай ой толгоо болууда. Ушул маселелер боюнча жеке пикиримди ушул пост аркылуу билдирип коюуну туура көрдүм. Себеби, ошол маселелер камтылган постко пикир катары ушул пикирим безге сайгандай катуу тийип жатат окшойт. Айтор, посттун автору кайра-кайра өчүрүү менен алек. Эмесе ошол маселе тууралуу менин жеке пикирим.

Элмирбектен ажырап, жамырай журт кан жутуп турган чак. Залкар акын, алп акын, гениалдуу талант Элмирбектин ысымы түбөлүк чындыктын символу катары, уникалдуу көп кырдуу таланттын символу катары калыш керек. "Айтыш" коомунун түптөлүп, иштешине Элмирбектин эмгеги зор. Кыргызда айтыш өнөрүнүн жанданышы, "Айтыш" коомунунун түптөлүшүнө тыгыз байланыштуу. Элмирбектин бул коомго кошкон салымы учун, дегеле заманыбыздын теңдеши жок төкмө акыны катары "Айтыш" коомунун төбөлдөрү ичти кенен коюп, "Айтыш" коомуна Элмирбектин ысымын ыйгарса, чыныгы татыктуу кадам болот. Анча-мынча болсо да, жок дегенде Элмирбектин көзү өткөндөн кийин, Элмирбектин арбагынын алдында адамдык парзын аткарган болушат. Элмирбек Иманалиев атындагы көп тармактуу өзгөчөлөнгөн таланттарга ыйгарылуучу Эл аралык Жаштар сыйлыгы Мамлекеттик денгээлде уюштурулуш керек.

Бул маселени Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзү көтөрүп чыгыш керек. Ал эми фонд тууралуу. Бул жерде популисттик кадамдардан алыс болуп, бул маселени үй-бүлөөсүнүн карамагына коюш керек. Кандай фонд болбосун жакындарынчалык эч ким күйүп, эч ким натыйжалуу иштетпейт. Андай жагдайлардын далайы баштан өткүн. Элмирбек өткөнү менен, аркасында алты Элмирбек калды. Чоң-чоң кыздары, күйөө балдары турат. Сүйүп алган жубайы турат. Ошол кишилер фондду негиздесе, сөзсүз колубуздан келген салымыбызды, жардамыбызды беребиз. Элмирбекти сыйлаган эл журт колдоп кетет деген ойдомун. Элмирбектин жоро-жолдоштору, жоро - жолдош катары, мерчемдуу убакта эскеруу иш-чараларын өткөрө берсе өздөрүнүн иши. Сөз чынынан бузулбайт, канча күндөн бери эмнеге күбө болдум жана Элмирбекте чыныгы ДОС, чыгармачыл чөйрөдө эч качан болбогонуна ынандым. "Элмирбек досум эле" - дегендер, катардагы бир курдай жаштагы эле, теңтуш жоро-жолдоштору экен. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай, фонд маселесин үй-бүлөөсүнүн карамагына калтырып коюш керек.

Мындан тышкары, Элмирбектин талантына таазим эткендердин арасында колунда бар инсандар, Элмирбектин үй-бүлөөсүнө колубуздан келген материалдык жардамыбызды аябашыбыз керек деп ойлойм. Сүйгөн жары, кымындай төрт баланы бооруна кысып, жалгыз калды. Эң кичинеси болгону 1.5 жаш. Ушул заманда үй-бүлөөдө кошо жарышып, эки киши бирдей иштеген үй-бүлөөлөрдө араң жан сактап жатат. Ал эми үй-бүлөөдө нан таап берип келип турган атасы жок болсо, иймийген жаш келин жалгыз балдарын кантип багат? Мына Элмирбектин иштеп турган филармониясынан кыскартылды кылып, чыгарып коюшкан. Бугун популисттик кадамдарды жасап жаткан, "Элмирбек досум эле" дегендер ошондо колдоо көрсөтүп, филармониянын директору Кыргызбай Осмоновду туура эмес, адам акылына сыйбаган кадамы үчүн сестетип, тыйып койгондун ордуна, түштөн кийин көкүрөк какканды токтотуш керек. Кыргызбай Осмоновдун "өз калкын кызматка орноштуруу бюросуна айланды" деп айтылып жүргөн филармонияга маарап-мөөрөгөндөр эмес, бакыйтып Элмирбек Иманалиев сахнанын көркү болуп, элдин жарпын жазып, куюлушкан төкмөсүн төгүп, мукамдуу ырын созуп, бакылдап "Манасын" айтып сахнаны толтуруп турса жарашмак.

Маданияттын “беш каманына" кирген Кыргызбай Осмонов үйүр-тобуңар менен кантип силерди жер которуп турат? Ар дайым суудан кургак чыккан жаныңыз, бул саам Элмирбекти сүйгөн Элден кургак чыга албай калдыңыз го?! Болуптур, учурунда "беш камандар" Элмирбекти эл душманы кылып, колуңардан келишинче "бөрк ал десе, баш алдынар”. Кайсыл бетиңер менен бүгүн коомчулуктун жүзүн карап турасынар?! Филармониянын чоң сахнасынан сиздин "авазыңызга" караганда, Элмирбекти үнүн уккусу келгендер арбыныраак болуш керек эле. Сиз бул "ачуу чындык айтылып кетпесин" - деп, жашынганыңыз менен чындык акыры айтылат экен. Балким, бирөөнүн өлүмүнөн кадыр-барк күткүсү келген куудул досуңуз далбас уруп, ой келди чарпытып, кыпчылган пост жазбаганда, балким, азырынча көмүскөдө калган боюнча эле калмаксыз.

Элмирбекти филармониядан кетирип жатканда, Элмирбек Кыргыз искусствосунда ким экенин билген жоксузбу? Элмирбектин үйүндө чиедей чыркырап төрт баласы бар экенин билген жок белеңиз, келинчеги бала басты болуп, иштебей бир жашка чыга элек баласы менен үйдө олтурганын билген жок белеңиз? Элмирбек үй-бүлөөсүндө балдарына нан таап, жалгыз киреше алып келген үй-бүлөөнүн кожоюну, балдарынын атасы экенин билген жок белениз? Ушунча жылдан бери филармонияда ичип-жеп жаткан сизге жетпеген, жалгыз айлыкка жашаган залкар талантты айлыксыз калтырсам эмне болот деп ойлогон жоксузбу? Акыркы убакта Элмирбектин официалдуу иштеген филармониядан кетирип, айлыксыз калтырышканы да, дал ошол Элмирбектин чындыкты бетке айткан кадамы учун, куугунтуктун кесепети экени айтпаса да көрүнүп турбайбы.

Бир жумадан бери кудай көрсөтпөсүн, Элмирбектин ураанын чакырымыш эткендер көбөйдү. "Мотураңдап" утур бир телеканалдан экран талашып, жөөлөшүп чыгып, биринен сала, бири сөз ала коюп сүйлөп. Айткандарын укканда төбө чач тик турчу болду. Ал жакта баары жабалактап, Элмирбек жөнүндө бирин-экин сөз кылып эле, калган эфирдин убактысы баары эле өздөрү жөнүндө басым коюшат. Кечээки "ит күлүгүң, түлкү сүйбөйт" кылгандар, бүгүн катуу күйгөн адамдын образдарына кирип жатканы өтө жийиркеничтүү болду. Чындык ачуу, айла жок айтыш керек. Сөз чынынан бузулбайт.

Айтаарым, биз кирише турган, биз киришпей турган маселе бар. Өз чек арабызды билишибиз керек деген ойдомун. Мындан тышкары, Элмирбектин бейит башындагы эстелиги Мамлекеттин эсебинен коюлушу керек деген ойдомун. Себеби, Элмирбектей кайталангыс гениалдуу талантты тирүүсүндө куугунтуктасак да, жок дегенде көзү өткөндөн кийин, өткөндүн кетирилген мүчүлүштүктөрүн моюндап, жасап, Мамлекеттик денгээлде эскерүү иш-чара өткөрүшү шарт. Себеби, карантинге байланыштуу, улуу талантка татыктуу жерге берүү аземин да, тийиштүү деңгээлде өткөргөнгө мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Мындан тышкары, Элмирбектин талантына таазим эткен эл-журт, карантиндин айынан барып коштошо албай, ич күптүү боюнча калды. Карантин бүтөөрү менен ушул иш-чара өтүшү керек. Борбор калаабыздан бир көчөнүн же өзү жашап өткөн Тунгуч кичи районун атап койсо деле, ашепке болбойт деген ойдомун.

Республика ичинде жаш төкмө акындарды колдоо иретинде, Элмирбек Иманалиев атындагы айтышты арнап жыл сайын өткөрүп турса да, ашепке болбойт. Ар эки жылда бир Эл аралык Элмирбек Иманалиев атындагы айтышты өткөрсө да көптүк кылбайт. Эн алгачкы кадамыбызды Элмирбектин биздин колдоого муктаж болуп турган, үй-бүлөөсүнөн баштаганыбыз туура болот деген ойдомун. Кымындай төрт баласын бооруна кысып, ботодой боздоп, жер чапчып олтурган үй-бүлөөсүнө жардам берели. Кандай күндү көрүп жатышат болду экен? Жүрөк канап турат. Кудай мындай жоготууну адам баласынын башына салбасын. Мамлекет жашы жете элек балдарына жөлөк пул чыгарып беруу маселесин, бул кымындай келинди балдарын жетелетип, ар кайсы кабинеттин эшигин сүзгүлөтпөй, социалдык камсыздоо кызматтын кызматкерлерин жиберип, тез арада чечип бергенге болгон жардамын бериш керек. Бишкек шаардык мэриясы гуманитардык жардамын колдоо иретинде берип турса деле, ашепке болбойт деген ойдомун.

"Карындагы баланын хан болоорун ким билет, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" демекчи, аккан арыктан суу агып, келечекте Элмирбектин ошол кымындай чүрпөлөрүнөн, балким атасынын ордун баскан мыкты таланттар чыгаар. Элмирбекти сүйгөн эл-журт ураанын чакырып, жакшы тилек кылып туралы. Ал эле эмес, жашап турган үйү өзүнүкүбү, же мындай өмүрүндө дүнүйө-мансап куубаган таза чыгармачыл адам балким батирдедир? Эгерде, карамагында үй-жай болбосо, мамлекет өз эсебинен үй менен камсыз кылып койсо деле, ашепке болбойт. Кыскасы, жок дегенде биз тирүүлөр адамдык парзыбызды аткарып, Элмирбек темасына аздектуу мамиле кылуу менен, колубуздан келген жардамды аябайлы.

Мусаапырчылык, ар бир пенденин башына келип калышы мумкун. Элмирбектин даңктуу атын пайдаланып, өзүн дүңгүрөткүсү келгендер уят. Жок дегенде, эл тааныган жүзүңүздөргө түкүрбөй, биз тааныган ысымдар менен жүзүңүздүрдү жоготпой тура турунуздарчы. Ансыз да күндө бириңиздерден түңүлүп турган чакта. Үн кошуңуздар достор. Ар бир окурман бул пост менен бөлүшүңүздөр. Элмирбектин арбагы жок дегенде көрүндө тынч жатсын, үй-бүлөөсүнө жардам берели. Элмирбектин экинчи өмүрүнө аз да болсо, салымыбызды кошолу”,-деп билдирди Жыпаркүл Турсунбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости