www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызстандын 88 чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү бар” деп билдирди депутат Жыргалбек Турускулов, бүгүн, 25-майда "Парламент" радиосуна курган маегинде.
Эл өкүлү тармактык комитеттин жыйынында, чакан ГЭСтердин курулушу тууралуу маселе көтөргөндүгүн айтып, - “Энергетика - сууга бай келген өлкөбүздүн байлыгы. Ал мамлекетибизди экономикалык жактан алдыга сууруп чыга турган тармактардын бири. Ошондуктан биз буга шарт түзүп беришибиз зарыл” – деп кошумчалады.
Өлкө ичинде 88 чакан ГЭС курууга мүмкүнчүлүктөр жетээрин айткан парламентарий, -"Азыркы тапта, чехиялык инвесторлор 17 ГЭС курууга бел байлашкан. Аларга бийлик курулуш иштеринде мыйзамдык база түзүп бериши керек",- дейт.
Булак: «NazarNews.kg»