www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнтөн 29-майга чейин бардык аймакта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшөрүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, 26-майда жана 28-29-майда жаан-чачын көпчүлүк аймактарда жаап, айрым жерлерде катуу жаашы ыктымал. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүп, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Булак: «NazarNews.kg»