www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлиги күн мурун КР президентинин жарылыгы менен кызматынан боштулган Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Уланбек Тотуяевдин 2024-жылдын 28-июнунда «Азаттык» басылмасына берген интервьюсуна карата комментарий берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, президенттин жарлыгында элчинин жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы айтылган.

Ошентип, мамлекет башчысынын катаал жарлыгынын келип чыгуусу төмөнкүчө:

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин эмгек жамааты Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине ага ишенип тапшырылган чет өлкөдөгү мекемесинде өзүнө «хандык» уюштуруп, өз каалаганын жасап жүргөн экс-элчи У. Тотуяевдин ишмердүүлүгүнө жараша кечиктирилгис чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Тактап айтканда, ал жетекчилиги алдындагы кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, аларга этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген.

Ошол эле учурда ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар тарабынан кайтарылган өзүнчө резиденцияда, «падышалык» шарттарда жашап келген.

Мындан тышкары, элчиликке төрт унаа бөлүнгөн болсо, алардын экөөсүн уятсыздык менен ал өзү жана жубайы үчүн пайдаланып келсе, ал эми калган кызматкерлер кезектешип, калган кызматтык унааларды пайдаланууга аргасыз болгон.

Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында бул маселе каралып, Уланбек Тотуяевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Кыргызстандын президентине сунуш киргизүү чечими кабыл алынган.

Жогоруда айтылгандардын баарына У. Тотуяев интервью берип жатканда этикага сыйбаган маалыматтарды айтып салгандыгын, анын иш-аракеттерине тиешелүү компетенттүү органдар дагы тартылуусу мүмкүн экендигин кошумчалоо керек, анткени ал купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгон.

Жыйынтыгында Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматты жарандарыбыздын ишенимине шек келтирген шалаакы жана абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча ишти ырааттуу түрдө уланта берерин белгилейт.

Последние новости