www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Француз саясатчысы жана Европарламенттин мурдагы депутаты Флориан Филипо "Украинага аскердик колдоонун көбөйүшү Франция үчүн тескери таасирин тийгизет" деп жазды.
“Франция Украинага аскерий колдоосун күчөтөт”. Биз пенсияны каржылай албайбыз деп жаткан учурда Макрондун бул билдирүүсү акылга сыйбайт! Бул жамандык жана өзүн-өзү өлтүрүү, аны токтотуу керек. Депутаттар, добуш берүүнү талап кылгыла!", - деди саясатчы.
Буга чейин Эммануэль Макрон Парижде Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Франция жакынкы апталарда бир нече украин батальондорун машыктырып, аларды ондогон бронетранспортер жана AMX-10RC жеңил танктары менен жабдууну көздөп жатат.
Француздук “Патриоттор” кыймылынын лидери Флориан Филиппо Батыш мамлекеттерин Украинага каржылык колдоо көрсөтүп, Украинанын Куралдуу күчтөрүн аскердик техника менен камсыздап жатканы үчүн бир нече жолу сынга алган. Ошол эле учурда ал Орусияга каршы санкцияларды алып салууга чакырган. Саясатчы Брюсселдин энергетика тармагындагы чечимдерин акылсыздык деп атады, ал эми Москванын өзүнө каршы чектөө чараларын келесоолук деп атады.
Булак: NazarNews.kg