www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эже-сиңди Хачутуряндарды колдоо тобундагы жаш жигит кыздардын кичүүсү Мария жазган катты жарыя кылды.  

Атасын өлтүргөн кыздардын кичүүсү Мария жаш жигитке ыраазычылык катын жазып жөнөткөн.

Жаш жигит эже-сиңдилерди колдоп СИЗОго таттууларды, жылуу кийимдерди берип жиберген. Марияны жаш жигиттин бул кадамы абдан таасирленткендиктен ал ага кат жазууну туура көргөн. Ал жазган катында ыраазычылык билдирип аларга кийим-кече тартыш болуп жатканын айткан. Мындан тышкары ал кыздар жөнүндө ар кандай ушак айың кептер таралып жатканына кабатыр болгон. Мария өз катында эжелерин сагынганын айткан.

Эске салсак, 27-июлда Алтуфьев шоссесиндеги үйдөн Хачатуряндын мойнуна жана көкүрөгүнө миздүү нерседен жараланган жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүүгө шектелип анын үч кызы кармалып, алар күнөөсүн мойнун алышкан. Укук коргоочулардын айтымында, атасы кыздарын сабачу, мектепке жөнөтчү эмес жана кул катары пайдаланчу. Атасы андан сырткары кыздарын сойку катары да пайдаланып бир эмес бир нече жолу кыздарына кол салган. 2-августта сот эже-сиңди кыздарды 28-сентябрга чейин камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости