www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын дагы үч милиция кызматкери зордукталып, кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши боюнча кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарга таянып Kaktus.media жазды.
Алардын маалыматы боюнча, 6-апрелде КР Башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин үч милиционери, тактап айтканда, эки жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, ошондой эле бир тергөөчү кармалган. Тергөөчү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок, алар күнөөсүн моюнга алуу келишимине кол коюшуп, убактылуу бошотулган.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кылмыш ишинин алкагында өз жанын кыйган 13 жаштагы өспүрүм боюнча эки тергөөчү, Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын эксперти жана жасалма документ чыгарган эксперт кармалган.
Эске салсак, 2022-жылдын апрель айында 13 жаштагы А.Ж. өз жанын кыйган. Андан беш ай мурун (2021-жылдын ноябрь айында) Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине анын агасы кайрылган. Ал А.Ж.ны таап берүүнү суранып, үч күндөн кийин кыз табылган. Аны менен жыныстык катнашта болгон 21 жаштагы жигит менен жүргөнү белгилүү болду. Бардык жагдайлар такталгандан кийин кылмыштын аймактык өзгөчөлүгүнө байланыштуу иш Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө жабырлануучу суракка алынып, кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Натыйжада кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилбей, иш жабылган. Башкы прокуратура тарабынан Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен эксперти баш калкалоо фактысы боюнча кармалган.