www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия маалында бир бахиланы 150 сомдон "Фарватер" деп аталган ЖЧКсы сатып алып келип берген. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев 2020-жылдагы прокуратуранын иши тууралуу айтып берген маалымат жыйында билдирди.

Анда журналисттер жеке коргонуучу каражаттарды кайсы компания жогорулатылган баада сатып алганын сурады.

--"Азыр 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Эгер тергөө сапаттуу жүргүзүлсө сумма мындан дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы департаменттин бир нече кызмат адамдары тергелип жатат. Бул иш боюнча министрге дагы жетишибиз мүмкүн", — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти пандемия учурунда жасаган кылмыш иштер аныкталганын маалымдалган. Анда тендерден уткан "Ф" аттуу компания нитрил кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 330 даана латекстен жасалган кол каптар менен камсыздаган. 150 000 даана 1,5 сомдук бахиланын ордуна ар бирин 150 сомго баалап 1 500 даана алып келишкени айтылган. Мунун кесепетинен мамлекетке 5 миллион 175,2 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Булак: NazarNews.kg
 


 

Последние новости