www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду, - деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын контрчалгындоо Башкы башкармалыгы менен биргеликте Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн биринде аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталды.
Аталган факты боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg