www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 1-апрелге чейин салык декларациясын милдеттүү түрдө тапшырышы керек. Бул туурасында Салык кызматынан кабарлашты.

«Салыктык декларацияны катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө гана тапшыруу керек. Тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин декларациясын өз убагында тапшырбаган же эч тапшырбаган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер боюнча материалдар прокуратура органдарына жиберилет», — деп айтылган маалыматта.

Декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү.

«Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү», – деп эскертилген билдирүүдө.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости