www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат.
Ошондой эле пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 800 сомго чейин жогорулатылат.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Индексациялоого өткөн календардык жылдагы орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин өсүшү негиз болгон.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында керектөө бааларынын индекси 108,2%ды, ал эми орточо эмгек акынын өсүшү 117,6%ды түзгөн.
Эсептик индексация коэффициенти 1,13 болуп белгиленген.
Ошол эле учурда Социалдык фонддун бюджетинин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн жана пенсионерлерди кошумча колдоону эске алуу менен 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө 1,20 коэффициенти колдонулат.
Пенсиянын жогорулашы 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашпайт.
Жаңы дайындалган пенсиянын минималдуу өлчөмү базалык бөлүгүн жеткирүү жолу менен 8 800 сомдон төмөн болбойт.
Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 832,4 миң адамды түзөт.
Пенсияларды индексациялоого 4,4 млрд сом каралган.
Индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет. Орточо жогорулоо 1 753 сомду түзөт.