www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-сентябрдан тарта мектептер кайрадан онлайн иштейби?

Эгер 1-сентябрга карата педагогикалык курамдын 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө, мектептеги билим берүү онлайн-режимде башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда республиканын бардык мектептеринде жаңы окуу жылына карата даярдык жүрүп жатат.

"Мектептерде оңдоо иштери аткарылууда. Август айында педагогикалык кеңеш өтөт. Анда жергиликтүү бийлик жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте бардык көйгөйлүү маселелер каралат. Эгер жаңы окуу жылына карата калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтүп калса, окуу кадимки режимде башталат. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте "жашыл" жана "кызыл" зоналар боюнча иш алып барып жатабыз. Эгер көпчүлүк мугалимдер менен техникалык персонал вакцина албай калса, окуу онлайн-режимде башталышы ыктымал", — деди Абдылдаева.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эгер жамааттык иммунитет иштелип чыкса, 1-сентябрда мектептердин эшиги ачыларын айткан. Бул үчүн калктын 70 пайызы вакцина алышы керек.

Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөн жылы кыргызстандык окуучулар аралыктан билим алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости