www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Талибдер Кыргызстанга кандай жолдор менен коркунуч жаратышы мүмкүн?

- Талибдер Афганистанда борбордоштурулган мамлекет курууга кызыкдар. Талибдердин тарыхына кайрылсак, алар башка өлкөлөргө кол салып көргөн эмес жана Афганистандын территориясынан чыккан эмес.

Бирок, бул жерде башка бир коркунучтар бар. Афганистанда талибандарга баш ийбеген Чыгыш Түркестандын ислам кыймылы, Аль-Каида өңдүү топтор бар. Эгер талибдер күчтөнсө, бул топтордун баары ал жерден чыгып кете баштайт. Ошентип алар Борбор Азия мамлекеттерин көздөй багыт алышат. Алар келе баштаса, анда биздин өлкөнүн ичиндеги ушул сыяктуу топторго мүчө болуп жүргөндөр баш көтөрө башташат. Ошентип, өлкөдөгү тынчтыкты бузууга аракеттер жүрө баштайт.

- УКМКнын жетекчиси бийликке сын айткан жарандарга катуу көзөмөл болорун айтты. Муну менен канчалык деңгээлде бийликке багытталган сын-пикирлерди бөгөттөөгө болот?

- Азыркы учурдагы абалды эске алсак, анын айтканы жөндүү эле. Бирок, УКМК жетекчиси андай сөздөрдү жарыя кылбай, маселе жаралса иш менен эле көзөмөлдөп койсо болот да. Мындай билдирүүлөр жарандык коом ичинде туура эмес кабылданат. Эгер соцтармактарда бийликти критикалагандардын баарын учетко ала турган болсо, анда кайрадан эл ичинде чакчалекей, нааразычылыктар башталат.

- Бейөкмөт уюмдардын каржы булактарынын келишин, алардын коротулушун тыкыр көзөмөлдөө боюнча пикириңиз кандай?

- Бул маселени туура деп эсептейм. Бейөкмөт уюмдардын жакшы иштери көп болгону менен арасында деструктивдүү элементтер дагы болушу мүмкүн. Башкача айтканда, чалгындоо белгилери менен иштегендер да бар. Ошон үчүн конфликттерди жоюу, толеранттуулукка үндөө боюнча иштегендердин жыйынтыгы жок болуп жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости