www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Тал айылындагы өскөн "Эндик" деген өсүмдүктөрдү белгисиз топтошкон адамдар казып алып кетип жатышат. Бул тууралуу Нарын облсунуна караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургундары NazarNews маалымат агенттигине билдиришти. 

--"Урматуу кыргыз эли жана бийлик өкүлдөрү, Нарын облсунуна караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы Сары-Ой жана Арпа жайлоосунда өскөн көп жылдык "Эндик" деген өсүмдүктү казып алып кетип жатышат.

Учурда Ак-Талаанын жайлоолору аябай коркунучта турат. Казып жаткан адамдар, башка жактан келген бейтааныш адамдар, биздин эл аларды тааныбайт.

Биздин укканыбызга караганда бул өсүмдүк баалуу, Корея өлкөсүнө сатып жатышыптыр. 

Массалык катуу болгондуктан ал өсүмдүк менен кошо башка тоютка керектүү түркүн чөптөр казылууда. Мунун кесепетинен жер кыртышы бузулууда. Ушинтип сырттан топтошуп келип казып кете беришсе биз малдарыбызды эмне менен багабыз? Беш жылга жетпей жайлоолорубуз жоголуп кетет.

Баарыңыздарга белгилүү болгондой айылдагы элдин караганы эле мал. 

Андыктан Урматуу журналисттер, тиешелүү бийлик өкүлдөрү биздин чабандарга жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Теңир-Тоолуктар жаратылышсыз жашоосу өтпөйт. Кооз жайлообузду сактап калууга көмөктөшүңүздөр", - дейт Ак-Тал айылынын жашоочулары. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости