www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юстиция министри Асел Чынбаева Токтайым Үмөталиева сыяктуу массаж жасагандарды ала жүрбөсө, орусча кекечтенип сүйлөй албайт. Кыргызча такыр сүйлөй албасы белгилүү. Анын мыйзамында сыйлык, наам деле кызмат сыяктуу сатып алына турган нерсеге айланды. Азыркы жаңы мыйзам боюнча эегер сыйлык,наам болсо жазага тартылбайсың. Каалашыңча ичип, жей бер. Көп көпөстөргө президенттин уруксаты жок эч ким тийе албайт, кол тийбес укугун алышат. Эмне алар президенттин курсагын кампайтыш керекпи? Көпөс каалагандай кылмыш кылып президенттен уруксатсыз жүрө берсе болобу?
"Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорунда аткаруу бийлигиндеги жетекчилерге бир топ артыкчылыктар каралган. Маселен, мамлекеттик сыйлыгы болсо камакка алынышы мүмкүн эмес. Жапаров демилге кылган "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорунда министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ишинин негизги принциптери, белгиленген чектөөлөр, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, ишинин кепилдиктери туурасында айтылган.
Аталган мыйзам долбоорундагы 9-берене — Министрлер кабинетинин мүчөсүнүн ишинин кепилдиктери төмөнкүчө жазылган: Министрлер кабинетинин мүчөсү башкарган органдын ишин уюштургандыгы, ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарууну камсыз кылгандыгы үчүн, өзүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан ой-пикирлери же министрлер кабинети кабыл алган чечимдер үчүн куугунтукталбашы керек.
Министрлер кабинетинин мүчөсүн же министрди башка негиздер боюнча жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн президенттин макулдугу керек. Министрдин сыйлыгы болсо камакка алынышы мүмкүн эмес, буга тергөө өткөрүүнүн (сотко чейинки өндүрүштүн) жүрүшүндөгү үй камагы кирбейт. Министрлер кабинетинин мүчөсү өзүнүн кызматтык ишинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен акчалай сый акы алат жана тизмеси Министрлер кабинетинин мүчөсү белгилеген социалдык пакет менен камсыз кылынат. Социалдык пакетке министрди медициналык камсыздандыруу милдеттүү түрдө кирет.
Министр Министрлер кабинети белгилеген учурларда жана шарттарда кызматтык турак жай алуу укугуна ээ. Кызматтык турак жай менчиктештирилбейт. Аткаминер кызматтык үйүн кызматтан кеткен күндөн баштап бир айдын ичинде бошотот. Мамлекеттик орган жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына байланыштуу, ошондой эле министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсүнөн улам кызматынан бошотулган аткаминер бир орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат. Эгерде министр министрлер кабинетинин жаңы курамынын мүчөсү же болбосо административдик ведомствонун жетекчиси болуп дайындалса же башка ишке өтсө, ага компенсация төлөнүп берилбейт.
Кызматтык ишин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу жаралса министрлер кабинетинин мүчөсү мамлекеттик коргоо менен камсыздалат. Зарыл болгондо коопсуздук чаралары аткаминердин жубайына жана жакын бир туугандарына карата колдонулушу мүмкүн. Коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жана тартиби министрлер кабинетинин чечими менен белгиленет. Ушул берененин 1-5-бөлүктөрүндө каралган кепилдиктер аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине, министрлердин орун басарлары жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларына карата да колдонулат.
Көп нормалар мурдагы мыйзамда бар. Мисалы, биринчиси такыр башкача айтылат жана мамлекеттик сыйлыктан улам каралган артыкчылыктар жок. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн президенттин уруксаты талап кылынган эмес. Анткен менен өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жазага тартуу каралган.
"Өкмөттүн мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикирлери үчүн же өкмөттүн жыйналышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтуктоого, анын ичинде отставкага кеткенден кийин да дуушар болушу мүмкүн эмес. Бул кепилдик өкмөттүн мүчөсү белгиленген тартипте кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган учурларга карата колдонулбайт", - деп жазылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө мыйзамда. Сунушталган кепилдиктер министрлердин орун басарларына да тиешелүү экендигин азыркы мыйзамда айтылган эмес.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын 22-июлунда жыйынга чогулуп, талкуулашты. Депутат Каныбек Иманалиев жаңы мыйзам долбоорунда парламентаризм чектелип жатканы тууралуу айтты: «Бүгүнкү мыйзам долбоорлору мамлекеттик түзүлүшкө түздөн-түз таасири бар мыйзам долбоорлору. Азыр ар кыл маселелерде 95% баарыңыздар өкмөткө тапшырма бересиздер. Бүгүнкү мыйзамды кабыл алсаңыздар, өкмөт аны таптакыр аткарбайт. Ошого мыйзамдуу жол ачып беребиз. Жогорку Кеңеш деген сөз жок. Ушуну кабыл алсаңыздар, мындан кийин разный маселеде сүйлөп кереги жок. Бул мамлекеттик түзүлүштү алсырата турган... Президент дайындаган өкмөт президентке гана отчёт берет экен. Акыркы 30 жылда андай болгон эмес. Эгерде өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, анда парлементтин кереги жок. Эгерде ушул бойдон кала турган болсо, аны талкуулап да кереги жок. Бул түздөн-түз парламентаризмди талкуулай турган статья. Муну ким даярдап келди, суроолорум бар.
Ошондон баштайлы. Эгерде ушуну колдоп берсеңер талкуулайлы, колдоп бербесек анда парламентаризм жөнүндө сөз кылуунун кереги жок», - деди депутат. Ошондой эле депутат Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамдын укуктук статусу тууралуу айтылган 3-берене тууралуу айтты. Анда Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн президент көзөмөлдөй турганы айтылган.
Эл өкүлү Шайлообек Атазов министрлер кабинетине кайрылды: «Мыйзамды сунуштагандар депутаттар колдой берет деген принципке өтүп алыптырсыңар. Мыйзам долбоорун биз кененирээк талкуулап анан кабыл алышыбыз керек. Ошондуктан, мыйзамдарды «пачкалап» алып келбегиле. Министрлер кабинетинде бир эле бөлүмдө 10 киши болсо, алардын сегизи «мёртвые души». Алардын экөө иштеп калганы телефондо карта ойноп отурат», - деп кошумчалады Атазов.
Депутат Рыскелди Момбеков: «Жаңы мыйзам долбоорун алып келгендер депуттардан сүрдөп жатат деп жатасыздар. Анда аларга Токтайым Үметалиеваны алып келели. «Министрлер кабинетинин мүчөсүнүн мамлекеттик сыйлыгы болсо, камакка алынышы мүмкүн эмес» деп жазып алыптыр. Бул эмне деген түркөйлүк?! Министрлердин бардыгынын грамоталары бар. Алардын бирөөсүн да камакка албай турган болсок, анда кантип коррупция менен күрөшөбүз?
«Алар президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат» деген бар. Биздин депуттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле камап жатасыңар го. Биротоло анда министрлер кабинетин кызыл китепке эле киргизип коёлу, сейрек кездешүүчү адамдар деп туруп. Буларга кол тийгизгенге, сөз тийгизгенге болбойт, бул акыркы экземплярлар деп. Ушундай да мыйзамды алып келесиңерби, айланып кетейиндер. Болбойт бул мыйзамыңар, алып кеткиле!», - деди Момбеков.
Министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча баяндамачылардын даяр эместиги бир катар депутаттарды нааразы кылды. Айрым депутаттар баяндамачы — юстиция министри Асел Чынбаева орусча сүйлөгөнүнө, даяр эместигине жана суроолорго жооп бере албай жатканына нааразы болушту.
Президенттин өкүлү Анарбек Калматов мыйзам долбоорунун концепциясын колдоону суранып, министр сүрдөп жаткандыгын белгиледи. Буга депутат Рыскелди Момбеков: «Министр сүрдөп жатат дейт. Сүрдөбөсүн деп Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби? Жанында олтуруп массаж кылып турсун»,- деди. Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева министр Асел Чынбаевага массаж жасаган.
Депутат Кенжебек Бокоев парламентте орус тилинде чыгып сүйлөгөн юстиция министри Асел Чынбаевага эскертүү берди. Ал министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоорун сунуштады. Бокоев айткандай, Конституцияда президент аткаруу бийлигин да башкарат деп так жазылган: «Жогорку Кеңеште президенттин жана өкмөттүн өкүлү бар. Бүгүнкү мыйзам долбоорунан кийин бир өкүл жетиштүү деп ойлойм, анткени аткаруу бийлигин президент башкарат», - деди ал. Бокоев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматовдон баяндамачылардын мамлекеттик тилде сүйлөшүн көзөмөлдөөнү өтүндү.«Мен баяндамачылардын кыргыз тилинде гана сүйлөөсүн талап кылам», - деди ал.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg