www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Вакцина тууралуу сын-пикирлер акыркы кезде көп айтылууда. Ага негиз барбы?

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму колдогон вакциналарды алуу зарыл. Айтылып жаткан сын-пикирлерден кабарым бар, бирок ага эч кандай илимий негиз жок. Ошондуктан каалайбызбы-каалабайбызбы эмдөө жүргүзүү керек. Эгер калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөзбөсөк, абал оорлойт. Албетте, эмдөө бизди вирустан 100 пайыз сактабайт, бирок эмдөөнүн негизинде оору жеңил өтөт.

- “Эмдөөнү мамлекеттик мекемелерде иштегендер үчүн милдеттүү түрдө жүргүзүп атышат” дегендер да чыгууда. Негизи эмдөөгө мажбурлоого муктаждык барбы?

- Мамлекет – бул аябай чоң коом. Демек, мамлекеттик деңгээлде коронавирус менен күрөшүп, анын жайылышына бөгөт коюуга муктаждык бар. Анткени калктын саламаттыгын сактоо милдет. Бул жерде мамлекеттин коопсуздугу жөнүндө сөз жүрүп атат. “Эптеп эле элдин көбүн эмдеп алалы” дегенге негиз жок. Айрым өлкөлөр 80 пайыз эмдөөдөн өтүп, бүт чектөөлөрдү жок кылышты. Албетте, вакцинациялоо кыстоо менен жүрбөшү керек. Жөн гана эл менен иштеп, туура түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп. Ошолорду колдонсо болот.

- Эмдөө жүргүзүү жайлары, шарттары жана талаптары тууралуу кандай ойдосуз?

- Негизи эмдөөчү жайлардын ар кандай мекемелерде уюштурулганы бизде эле эмес, көптөгөн мамлекеттерде ушундай. Бирок, ошол жайларда сөзсүз санитардык нормалар сакталып, медициналык мекеменин көзөмөлүндө болуусу шарт.

- Эмдөөдөн өткүсү келген жарандардын ден соолугунун чыңдыгына жана эмдөө алгандан кийинки жагдайына биринчи жоопкер ким болот?

- Вакцина жүргүзүлүп жатканда жаранга бардык талаптар түшүндүрүлөт. Ал жерде эмдеп коюп эле “кете бер” дебейт. Эмделген жарандын керектүү өздүк маалыматтары алынат. Кокус күтүлбөгөн реакциялар пайда болсо, кайрылуучу медициналык мекемелер турат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости