www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте AstraZeneca менен эмдөө башталды. Даректери

Бишкекте 22-июлдан тарта COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, препаратты 18 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар 4-12 жума аралык менен эки дозасын ала алат.

"Аталган вакцинаны Бишкек шаарындагы № 2, 3, 5, 7, 15 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан жана студенттер үчүн бейтапканадан алууга болот", — дешти штабдан.

AstraZeneca аймактарга келерки жумадан тарта жеткиликтүү болот. Учурда жеткирилип жатканы айтылды.

Аймактарга бөлүнгөн доза:

Бишкек – 10 миң доза;

Ош – 2 миң;

Чүй облусу – 10 миң;

Жалал-Абад облусу – 4 миң;

Ысык-Көл облусу – 4 миң;

Нарын облусу – 2 миң;

Талас облусу – 2 миң;

Баткен облусу – 2 миң;

Ош облусу – 4 миң.

Эске салсак, 16-июлда Азербайжан Кыргызстанга гумжардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын (20 миң адамга жетет) берген.

AstraZeneca Оксфорд университети менен кызматташуу аркылуу шведдик-британдык фармацевтикалык компания тарабынан жасалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости