www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ток этерине келсек, бир мандаттуу 35 орун, ошого улай 55 партиялык тизмеден шайланып келе турган депутаттардын креслолору жөнүндө талаш-тартыштар уланууда. Бизге кайсы багыт ыңгайлуу? 90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби, же кеңейтилген округдарды да кошобузбу? Максат Кунакунов жооп узатсын.

- Азыркы Конституция боюнча депутаттарды шайлоо системасы бул жарым жартылай чечим. Депутаттардын укуктары кыйла чектелген. Бийлик тең салмактуулугу сакталган эмес. Ал эми учурда 35 депутатты мажоритардык система менен округдардан шайлоо болгону турат. Тарыхка таянсак, мурда да ушинтип округдардан шайланганда жалаң акчалуулар депутат болуп алышкан. Ал эми азыркы учурда округдар чоңойгондо, ошол округ боюнча акчаны чачкандар гана депутат болобу?

Менин жана тарапташтырымдын сунушу боюнча адегенде биз тунгуч мыйзамдуулукту кайтарышыбыз керек. Конституцияны ар бир бийликке келгенде каалагандай кылып эле алмаштырып алганды токтотолу. 1993-жылы чыныгы эл деп күйгөн легендарлуу парламент менен кабыл алынган Конституция кайра ишке келиши маанилүү. Ушунча жылдан бери узурпаторлор каалагандай жасаган башаламандыкты токтотуп, укуктук ревизия кылуу жөндүү. Көп мыйзамдарды, келишимдерди, эл аралык акттарды элдин кызыкчылыгына тууралап кайра карап чыгышыбыз керек. Авторитардык мамлекетке айланып баратабыз. Авторитаризмге жол бербеш керек. Өз кызыкчылыгын гана көздөгөн бузуку, көз боёмочу саясатчыларга, башаламандыкка жол берилип атып, анын азабынан азыр жагдай оор болуп турат. Мыйзамдуулук жоголду. Башаламандык болууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости