www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ток этерине келсек, бир мандаттуу 35 орун, ошого улай 55 партиялык тизмеден шайланып келе турган депутаттардын креслолору жөнүндө талаш-тартыштар уланууда. Бизге кайсы багыт ыңгайлуу? 90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби, же кеңейтилген округдарды да кошобузбу? Мавлян Аскарбеков жооп узатсын.

- Негизи бизде шайлоо мыйзамдарын толугу менен өзгөртүү зарыл. Биз 10 жылдан бери сунуштап келе жаткан люстрация мыйзамын кабыл алуу керек. Анда буга чейин мамлекетке бүлүк салган, революцияга себепкер болгон саясый партияларды, алардын мүчөлөрүн толугу менен шайлоодон четтетип, жогорку кызматтарга бөгөт коюу мыйзамын критерийлер менен кабыл алыш керек. Ошондой эле шайлоодогу сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга оор жаза берсе болот. Үчүнчүдөн, административдик ресурстарды пайдаланууга бөгөт коюу зарыл. Шайлоо кампаниясында акча факторун жокко чыгарып, мамлекет баардык кандидаттарга бирдей шарт түзүшү маанилүү. Бешинчиден, сөзсүз партиялык системаны калтыруу менен преференциалдык системаны киргизип, партия лидерлеринин өзүмбилемдик аракеттерине бөгөт коюш керек. Эгер ушул чаралар камсыздалбаса, кайра эле ууру, коррупционерлер, чала бандит, чала спортсмендер баш болушуп, мамлекеттин эсебинен байыгандар келишет. Азыркы сунушталып жаткан мыйзамды толугу менен колдобойм. ЖК депутаттары да каршы чыгышууда. Бирок, ошол эле маалда өздөрү мыйзамдарды иштеп чыгышып, кабыл алышып, шайлоого даярдап коюш керек болчу. Алар болсо өкмөттөн келген мыйзамдарды сындап отурушат. Эгер мыйзам чыгарууга баштары жетпесе, атайын жумушчу топ түзүп, башка саясатчылар менен сапаттуу мыйзам иштеп чыгышса болмок эле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости