www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен акыркы 11 жылдан бери саясый кызматта болбогонум менен, «Кумтөр» кениндеги, жалпы эле өлкөдөгү алтын өндүрүшүнүн экономикабызга тийгизип жаткан терс көрүнүштөрүн ачык айтып келе жатам. Кыргызстан КМШда алтынды көп өндүргөн өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Жылына 20 тоннага жакын алтын өндүрөбүз. Өзүбүздүн жана чет элдик басылмаларга көз жүгүртүп, дээрлик отуз жылдан берки алтын маселесине байланышкан ишмердүүлүгүмдү кылдат иликтеп көрүп, эмне үчүн өлкөбүз ушундай тагдырга туш келди? деген суроонун түйүнүн чечүүгө аракет кылып келем. Ушул собол учурдун көйгөйүнө айланып баратат.
Көрсө... Көрсө, биздин мамлекетибиз 90-жылдардын башында, эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдарда эле чет элдик алдамчы-мошенниктердин барымтасында калыптыр. Ооба окурман, Президентибиз Аскар Акаев баш болуп алдамчылардын кызыкчылыгына, (албетте бекер эмес) жан талаша иштеп бериптир. Алтын өндүрүшүнүн келечегине ошондо эле «балта чабылган» экен. Мамлекет башчыларынын алсыздыгынан пайдаланып, элдин байлыгын талап-тоноп кете ала турган адамдар көп турбайбы. Мен сөз кыла турган андай адамдардын бири – эл аралык деңгээлдеги мошенник Борис Бирштейн.
Ооба, ушул адам Кыргызстанга келип, өлкөдөгү тоо-кен тармагындагы коррупциялык ишмердүүлүккө негиз салып кетти. Президент Аскар Акаевдин «колтугуна» кирип алып, кыргызга кыянатчыл саясатын коркпой жүргүздү. Бирштейндин түзүп кеткен коррупциялык схемасынын кесепети акыры аягы «Кумтөр» алтын кенине эле эмес, өлкөдөгү жалпы кен байлыктарды иштетүүдө бүгүнкү күнгө чейин терс таасирин тийгизип жатат. Борис Бирштейн Кыргызстанды гана сызга отургузбаптыр.
Ал постсоветтик өлкөлөрдө төңкөрүш жасоочулардын демөөрчүсү, Компартиянын акчаларын «тоногон» жоруктары менен белгилүү болгону өзүнчө детективдүү чыгарма жазууга арзый турган образдын ээси. Ушундай адамды Аскар Акаев канатына калкалап, өзүнө мамлекеттик кол тийбес кеңешчи кылып, кастарлап жүргөнүнө акылым айран. Дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз, эл аралык абал менен кабардар бир өлкөнүн Президенти, «биттин ичегисине кан куйган» Акаев, Бирштейнди кантип билбей калды экен? Бул жөнүндө дагы алдыда кеңири сөз кылабыз....
Мезгил келди, окурман. Отуз жылдан бери оюна келгенди жасаган бийликтин тизгинин тарта турган учурда жашап жатабыз. Эсибизге келели. Ата-бабабыздан калган кен байлыктарды элибиздин кызыкчылыгына иштетүүгө али да кеч эмес. Мен ушул китебимде, буга чейин болуп калген эки тараптуу келишимдерди түзүүдөгү мамлекеттик деңгээлдеги терс көрүнүштөрдү терең иликтеп, эртеңки күнгө сабак болор жаңылыштыктын, кошоматчылыктын, ач көздүктүн жүзүн ачууну максат кылдым. Ошондуктан, Кыргызстандын ошол учурдагы Президенти Аскар Акаевдин «чыла» иштерин төкпөй-чачпай айтып берүүнүн убагы келди окшойт. Аны кыргыз эли билүүгө акылуу. Оболу Бирштейндин таржымалына токтололу.
Ансыз, сөзүбүз супсак болуп калат. Себеби, мындай адамдын алдамчылык жоругунун таржымалы көпчүлүктүн көзүн ача турган кызыктуу фактыларга бай. Анда эмесе назар салыңыз, окурман. Маалыматтарга караганда, Борис Бирштейн өзү Литвада туулуп-өсүптүр. 1970-жылдары Вильнюстагы текстиль фабрикасынын директору болуп иштеген экен. Ага чейин Литва ССРинин КГБсынын 5-бөлүмүндө агент катары кызмат өтөптүр. Өзүнүн кураторлорунун ишенимин актаганы үчүн Бирштейн 1977-жылдары Израилге көчүп кетүүгө уруксат алып, ал жактан ишкерлик менен алектенет.
Албетте, агенттик ишмердүүлүгүн дагы чет өлкөдө улантат. 1982-жылдары Швейцария аркылуу Канадага көчүп, аталган өлкөнүн жарандыгын алыптыр. Швейцарияда «Сиабеко» фирмасын уюштуруп, Канадада, Гонконгдо филиалдарын ачат. Бирштейнди КГБнын тышкы чалгындоо кызматынын долбоору болгон деп бекеринен айтышкан эмес. Аны СССРдин тушунда КГБнын башчысы Баранников калкалап турган дешет. Ушундан улам СССРдин курамындагы мурдагы республикалардагы сырьелорду чет өлкөгө сатууга ортомчулук кылып, ал постсоветтик өлкөлөрдөгү эле эмес, дүйнөдөгү бай адамдардын сабына кошулат. Ал мурдагы СССРдин аймагындагы өлкө башчыларынын, атайын кызматтын өкүлдөрүнүн жана кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү менен тыгыз байланышта кызматташып максатына жетип келгенин айтышат.
Бирштейндин Цюрихтеги «Сиабеко-Групп" компаниясынын башкы кеңешчиси, советтик тышкы чалгындоонун офицери, КГБнын полковниги Леонид Веселовский менен бирге алар "Сиабеко-Групп" фирмасынын алдында жалган биргелешкен ишканаларды түзүп, КПССтин акчаларын Батышты көздөй «чууртуп» турган. "Сиабеко-Групп" фирмасы КПСС БКнын жана КГБнын алдындагы көзөмөлдөө бөлүмү үчүн тышкы соода ишмердүүлүгү менен алектенген бирден-бир соода-коммерциялык түзүм болгон. Фирманын башчысы Бирштейн КПСС БКнын иш башкармасынын, КГБнын төрагасы Крючковдун, анын орун басары Бобковдун жеке колдоо-сунда болгону тууралуу СССР КГБсынын мурдагы кызматкери Владимир Попов «Заговор негодяев. Записки бывшего подполковника КГБ" деген өзүнүн мемуарында кеңири баяндап берген. 2000-жылдары түшүнүксүз себептерден улам каза болгон Игорь Буничтин, «Золото партии» деген китебинде дагы КПССтин чет өлкөдөгү алтын-валюталык запасы дал ушул «Сиабеко» фирмасы аркылуу ташылганын белгилеген экен. Чынында эле Борис Бирштейн Канаданын жараны болгону менен монстр-КГБнын канатын жамынып, мурунку СССРдин өлкөлөрүндө тез эле таасирлүү бизнесменге айланыптыр. Аныгы, 90-жылдарда СССР деген империя кулаганда, анын «ити чөп жей» баштаптыр. Маселен, Молдованын Президентинин ишенимине кирип, өлкөнү толугу менен «менчиктештирүүгө» жетишкен дешет.
Андагы Президент Мирча Снегур Бирштейндин «кол баласы» болгонун айтышат. Кен байлыктарга жарды ал өлкөдө эч нерсе чыкпасына көзү жеткен Борис мырза, Кыргызстанга ооп келип, Президент Аскар Акаевдин жакын досу, экономика жаатындагы башкы кеңешчиси болгону баарыбызга маалым. Ал, Акаевдин амири менен биздин өлкөдө жайгашкан дүйнөдөгү ири кендеринин бири болгон «Кумтөр» алтын кенин канадалык компанияга берүүгө активдүү катышканын тана албайбыз. Кийинчерээк, «легендарлуу» парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов башкарган депутаттык комиссия «алтын чыры» боюнча Кыргызстандын Президенти менен Бирштейндин «былыктарын» чыгара баштаганда, «ишенимди актаган жок» деген шылтоо менен Акаев, аны менен болгон кызматташуусун токтотконун билдирип, жылуу-жумшак өлкөдөн чыгарып жиберген. Бирштейн Кыргызстандан «изин» жашырып кеткенден кийин 1993-жылдары Украинада ишмердүүлүгүн улантыптыр. Премьер-министр Л. Кучманын буйругу менен АГ «Украина» деген аталыштагы мамлекеттик компания уюштуруп, ири долбоорду жүзөгө ашырууну колго алат. Өлкөдөгү ири металлургиялык компаниялар жана башка экспорттук мүмкүнчүлүгү күчтүү заводдор концерндин курамына кирген. Ишканага болуп көрбөгөндөй жеңилдиктер берилген.
Эстеп көрүңүз окурман, бул деген Кыргызстанда «Кыргызалтын» концернинин уюштуруудагы сценарийдин дал өзү. («Кыргызалтынга» байланышкан кызыктуу фактылар тууралуу дагы сөз кылабыз. ) Ошентип, Украинанын андагы Президенти Л. Кравчук менен Өкмөт башчысы Л. Кучма украин-бриштейндик долбоорун токтоосуз ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүп, өзгөчө колдоп турган дешет. 1993-жылы күзүндө Россияда «Руцкой-Хасбулатов козголоңу» ураган соң, Баранниковдун кишиси катары Бирштейндин «кулагы» көрүнүп, Россиядан качууга аргасыз болуптур. КПСС БКнын акчаларын Европага ташыганы билинип калып, Россиянын ошол учурдагы Президенти Борис Ельциндин каарына калган деген да маалыматтар бар. Болбосо, ага чейин Баранников аркылуу Б. Ельцинге жолугуп АГ «Украинанын» үлгүсүндө «Рус» деген аталыштагы мамлекеттик корпорация түзүү сунушун билдирген экен.
Бир сөз менен айтканда, ал Россияны «менчиктештирүүгө» кечигип калыптыр. Орус бийлиги козголоңчуларды колдогон Баранниковду камап, Бирштейнди өткөрүп берүүнү талап кыла баштаганда, Украинадан чыгып кетиптир. Айрым маалыматтарга караганда, мына ушундай себептерден улам, орус бийлиги Акаевди дагы Бирштейн менен кызматташууга тыюу салган дешет. Акаевдин «легендарлуу» парламентте «ишеничти актабады» дегени куру сөз экенине ынанууга болот. Бирок, Бирштейн баштап кеткен тоо кен тармагы боюнча коррупциялык схеманы Акаев жакшы эле пайдаланууга жетишип калды. Канткен менен Борис Бирштейндин баскан жерине «чөп чыкпайт» окшойт. Себеби, ал бизнес долбоор катары пайдаланган Молдова, Кыргызстан, Украина өлкөлөрүндө бүгүнкү күнгө чейин саясый туруксуздук орун алып, башаламандык дале күчүндө.
КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери, КРнын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты
Булак: NazarNews.kg