www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10 адат менен көп нерсени өзгөртүүгө болот

Айрым изилдөө булактары жаңы адатка көнүү үчүн 45 күн керек экендигин айтышат. Бирок, бул адамдын өзүнөн көз каранды. Анткени, өзгөртүү киргизүү үчүн бир себеп болбосо адамдын аракетке өтүшү кыйын. Ошентсе да, белгилүү бир чектен кийин окшоштуктар адамды тажатып, өзгөрүү талап кыла баштайт. Төмөнкү адаттар маанисиз көрүнүшү дагы мүмкүн, бирок баарын болбосо да ылайыктуусун аткарып, баштап көрүүнү сунуштайбыз.

Күнүнө 3 жумуш бүтүрүү

Hayatınızı Düzene Sokacak Alışkanlık - Görev

Эффективдүү стратегиялардын бири адамдын өзүнө иш берүүсү. Көңүл коюп, аткарылган жумуш натыйжасын берет. Бир күндүн ичинде көңүлүбүз ар нерсеге бурулат, кантип жетишебиз десеңиз, тынымсыз аракет менен. Ар күнү эртең менен кыла турчу иштерди так даана белгилеңиз.

1 саатты окууга бөлүү

Hayatınızı Düzene Sokacak Alışkanlık - Kitap Okumak

Китеп окуган жакпашы мүмкүн же болбосо окуганга убакыт аз. Бирок, унутпаңыз, китеп окуу сизди акылдуулукка түртөт. Окууну адатка айлантсаңыз, бир күнү жакшы көрүп дагы баштайсыз.

 7-8 саат уйку

Hayatı Düzene Sokacak 10 Alışkanlık - Uyku Düzeni

Уйкуңузду эч качан эч нерсеге алмаштырбаңыз. Кино, матч, китеп окуу ж.б. үчүн... Эч нерсеге карабастан эрте жатууга аракет кылып, эрте тураарыңызды, эртеңки күндүн эффективдүү болушун ойлонуу менен уктоого өтүңүз. Айрым адамдар, окумуштуулар 5 саат уйкунун жетиштүү экенин айтканы менен, жаңылышат.

30 мүнөт жөө басуу

Hayatınızı Düzene Sokacak Alışkanlıklar - Yürüyüş Yapmak

Бир күндүн 30 мүнөтүн жөө басканга бөлбөсөңүз эгер, анда жашооңузду контролдой албайсыз. Жөө басуу организмди кыймылда  кармайт. Өпкөңүз абаны, буттарыңыз жерди сезет.

Денеге арналган көнүгүүлөрдү жасоо

Hayatınızı Düzene Sokacak 10 Alışkanlık - Egzersiz

Денеге арналган көнүгүүлөр сөөктү коргоп, булчуңдардын күчүн арттырат. Майлардан арылтып, энергияңызды күчөтөт. Аптасына 3 күн жасоону адатка айлантып алыңыз.

Тамактанууну жөнгө салуу

Hayatınızı Düzene Sokacak 10 Alışkanlık - Yemek

Тамактан соң дароо бир нерсе жебеңиз. Айрыкча, дароо желген таттуу сизди оорлоштурат. Ар кайсыны жей бербестен белокко бай азыктарга көңүл бөлүңүз. Ал эле эмес, врачка барып күнүмдүк канча калорияга муктаж экендигиңизди эсептеттирип алыңыз.

Сарсанаа боло бергенди токтотуп, жайбаракат жүрүңүз

Rahat

Көбүбүз учурдун даамын сезгенди билбейбиз. Дайыма “кезекте эмне бар” дегенсип жашайбыз. Сиз антпеңиз. Жай гана ошол мезгилдин даамын сезиңиз. Бир нерсеге аракет кылабыз, жетебиз, жеткен соң дароо башка нерсени каалап баштайбыз. Бул дайыма улана берет. Ар күнү өзүбүзгө учурдун баркын билгенди эстетип турушубуз керек.

Башкаларга сүйүү тартуулаңыз

Sevgi

Адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөрдү жакшы көрүңүз. Бул сизге бактылуулук тартуулайт. Ар күнү бирөөлөргө жакшы көрөөрүңүздү айтыңыз. Жооп катары алардын да сизди жакшы көрүшүн күтпөстөн жөн гана жакшы көрүүнү уланта бериңиз.

30 мүнөт бир нерсе жазуу

https://herseyhakkindahersey.com/wp-content/uploads/2019/09/hayatinizi-duzenecek-sokacak-10-aliskanlik-yazmak.jpeg

Бир нерсе жазуу адамда жакшы сезим калтырат. Жашоодогу маанилүү нерселерге көңүл бурууга жардам берет. Жазууну башкалар үчүн эмес, өзүңүз үчүн жазыңыз. Жакшы адам болууга жардамын берет.

Кирешенин 10%ын бөлүңүз

Tasarruf

Экономдоо, азыркы заманда оор, бирок муну аткаруу менен алдыда  эч өкүнбөйсүз. Ал үчүн күнүмдүк же апталык айрым нерселерди кыскартууга болот (тамекини таштоо сыяктуу). Үнөмдөөнү майда нерселерден баштасаңыз, алдыда бул майда нерселердин чоң пайдаларына күбө болосуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости