www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектүү катары Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Т.Н. кармалды.
Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.