www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-февралдын кечинде Бишкек шаарындагы Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда болгон өрткө байланыштуу кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алды.

Минкаб башчысы түзүлгөн кырдаалдын себептерин аныктоо жана бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев КИИИ ишин тез арада калыбына келтирүү жана бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкекте Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоодон эки адам көз жумганы, алар бейтаптар болгону кабарланды.

Последние новости