www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик курултайга Бишкектин атынан делегаттарды шайлоо үчүн калаада өзүнчө курултай өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору жарыяланды.

Документ коомдук талкууга коюлган.

Долбоорго ылайык, борбор калаанын курултайы 10-октябрда филармонияда өтөт. Аны уюштуруу үчүн комиссия түзүлмөкчү.

Жергиликтүү курултайга 500 делегат чакыруу пландалган:

Ленин районунан — 125 делегат;

Октябрь районунан — 140;

Биринчи май районунан — 101;

Свердлов районунан — 134.

Натыйжада Бишкектен 10 делегат шайланып, 25-ноябрда боло турган Элдик курултайга барууга мандат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости