www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы он жыл ичинде Кытай өз жарандарын чет өлкөдөн 20га жакын чукул эвакуациялоону уюштуруп, ишке ашырды. Бул тууралдуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу кызматкери билдиргенин NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги маалымдады.

21-июнда Пекинде өткөн брифингде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук иштер департаментинин башчысы У Си акыркы 10 жылда өлкөнүн чегинент тышкары Кытай жарандарынын жана мекемелеринин коопсуздугун, мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн чоң аракеттерди жасаганын белгиледи.

"Биз эч кимди калтырбай, ар бир кытай жаранынын коопсуздугун чечкиндүү түрдө камсыз кылабыз. Операция аяктаганга чейин биздин элчиликтер менен консулдуктар ачык болот", - деди ал.

Мындай операцияларга мисал катары дипломат жакында апрель айында куралдуу кагылышуу болгон Судандан кытай жарандарынын массалык түрдө эвакуацияланышын атады. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги менен чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жакшы координацияланган өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында 1508 кытайлык мекендештерди гана эмес, башка сегиз өлкөнүн көптөгөн жарандарын да тез жана коопсуз эвакуациялоого мүмкүн болду.

"Акыркы 10 жылдын ичинде биз чет элдик кытай жарандары үчүн 20га жакын чукул эвакуациялоо операциясын уюштуруп, ишке ашырдык жана миллиондогон кытай жарандары катышкан 500 миңден ашык консулдук коргоо иштерин карадык",- деди Ву Си.

Мындан тышкары, КЭР менен чет мамлекеттердин ортосундагы консулдук мамилелер акыркы он жылда тез өнүгүп кетти. Кытай 152 өлкө менен ар кандай паспортторду камтыган визадан бошотуу келишимин түздү.

"Тактап айтканда, Кытай менен 20 өлкө кол койгон визасыз режим тууралуу келишимдер ар кандай паспорттордун жарандарына тиешелүү. Жаңы эле аяктаган Кытай-Борбор Азия саммитинин жүрүшүндө биз Казакстан менен толук кандуу визасыз келишимге кол койдук. Бул келишим Кытай-Казакстан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жаңы дем берди”, - деди У Си.

У Си кошумчалагандай, географиялык жактан визасыз келишим Азия, Африка, Европа, Америка жана Океания сыяктуу беш континентти камтыйт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости