www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеш депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугу боюнча Башкы прокурордун сунушу боюнча комиссиянын корутундусун жабык эшик артында каралды.
Депутаттар Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болушту. Бул тууралуу эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков билдирди.
Белгилей кетсек, депутаттык комиссия 1-июндан тарта иштеп, жыйындар жабык эшик артында өткөн.
31-майда ЖКга Башкы прокурордон депутат Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. ЖК Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча комиссия түзгөн.
Спикер Нурланбек Шакиев Башкы прокурордун сунушу Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелерине таянып жатканын билдирген.
278-статья. Массалык баш аламандыктар;
326-статья Бийликти күч менен басып алуу;
36-статья. Кылмышка даярдануу"
338-статья. 3-пункт. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу.
ЖКда төмөнкүдөй комиссия түзүлгөн:
Кундузбек Сулайманов (Ата-Журттан);
Карим Ханжеза («Мекенчил» депутаттык тобунан);
Мирлан Самойкожо («Элдик» депутаттык тобунан);
Миргүл Темирбаева (Ишенимден);
Мурадил Сыдыков (Ынтымактан);
Фарходбек Алимжанов (Альянстан);
Гуля Кожокулова (Бүтүн Кыргызстандан);
Динара Ашимова («Ыйман нуру»).
Булак: NazarNews.kg