www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токиодогу Олимпиада оюндарынын алдында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов медаль тагынып келген спортчуларга мамлекеттен берилүүчү сый акынын көлөмүн айткан. Алтын медаль үчүн 10 млн сом, күмүш медаль үчүн 7,5 млн сом, ал эми коло байге үчүн 5 млн сом берилмек.

Бирок Олимпиада аяктап, Кыргызстандын курама командасы кайтып келгенден кийин бул маселе кайрадан каралып, сыйлыктын суммасы жогорулады. Тактап айтсак, 2-орун үчүн 10 млн сом, 3-орун же коло байге үчүн 7 млн сом берилди.

Кыргыз спортчулары бул жолку Олимпиадада 3 медаль тагынышты. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш медаль, Мээрим Жуманазарова коло байге алып келген.

Ошондой эле 5-6-7-орунга жеткен спортчулар да 1 млн сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Алар:

Айпери Медет кызы (эркин күрөш, 5-орун);

Бекдөөлөт Расулбеков (оор атлетика, 6-орун);

Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү, 7-орун).

Спортчулардын акчалай сыйлыгынын өлчөмүнө жараша жалпы командага да сыйлык берилди. Жалпы сумманын 30% өлчөмүндөгү сыйлык башкы машыктыруучуга, улук жана жеке машыктыруучуга 25%, биринчи машыктыруучуга 10%, ошондой эле медициналык кызматкерлерге 10% каралган.

Жалпысынан 60 млн сом акчалай сыйлык берилди.

Акчалай сыйлыктын ээлери:

Япониянын борбору Токио шаарында 21-июлдан тарта 8-августка чейин XXXII Олимпиада оюндары өттү. Бул дүйнөлүк чоң мелдешке Кыргызстандан жалпы 16 спортчу жолдомо алган болчу. Жыйынтык — 2 күмүш жана 1 коло медаль.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости