www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чувашияда 11 жаштагы бала “Жигиттик сөз бердим” деп 25-кабаттан секирип кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, секирүүдөн мурун ал жигиттик сөз бергенин айтып, кат калтырган.

“Мен үйдүн чатырынан бой таштайм, анткени мен Андрейге: эгер сен Соняга үйлөнсөң, анда мен өзүмдү үйдүн чатырнан ыргытып жиберем, эгер ага айтсаң, анда мен сөзсүз түрдө өзүмдү таштайм” деп айтканмын. Андрей менин сөздөрүмө ишенбей, аны тамаша деп ойлоду жана ага айтып койду, мен 25-кабатка боюму таштаганы кеттим. Силер кийин эмне үчүн чатырдан бой таштадың деп сурайсыңар, мен силерге – мен жигиттик сөз бердим деп айтам”, – деп билдирүү калтырган.

Ал 25-кабаттан бой таштап, газель унаасынын үстүнө кулап, аман калганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости