www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрдү деп шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн түнү Өзгөн райондук ооруканасына ок тийген эки жаран түшүп, экөө тең эсине келбей каза табышкан. Милиция алар дагы башка эки киши менен унаада отурганда башка машинадагылар келип аткылап кеткендигин айткан. Аталган окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине («Киши өлтүрүү») ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталды.

Бүгүн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөндүн Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон көк түстөгү Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасы, Түркияда чыгарылган Kral Arms үлгүсүндөгү аӊчылык курал табылган. Ошондой эле эки даана 12 калибрлүү ок-дарынын атылган гильзасы жана бир даана ок алынган.

Мындан тышкары, каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М. Ш. былтыр февраль айынан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда тургандыгы белгилүү болгон.

Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости