www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматыдагы 12 мектептин электрондук почтасына имараттарда жардыруучу заттар бар экени тууралуу кабар келди. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, каттарда мектеп жетекчилигинен акча талап кылынып, болбосо билим берүү имараттары жардырыла турганы жазылган.
Учурда аталган мектептерде саперлор иш алып барууда. Азырынча канча киши эвакуацияланганы боюнча маалымат бериле элек.
Полициядан бул факты боюнча «Терроризм актысы тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси менен тергөө иштери башталганын билдиришти.
«Анонимдүү маалымат берген адамдын тек-жайын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Алматыда мектептердин көбү марттан баштап кадимки режимде иштей баштаган. Шаардын башкы санитардык дарыгеринин 2-марттагы токтому менен 1-5-класстардын окуучулары айкалыштырылган форматта окууга өтүшкөн.
Булак: NazarNews.kg