www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 жашар бала өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя 26-октябрда болгон. 12 жашар бала энесинин бетине ысык суу куюп, кайчы менен кескилеп, шишкебек жасоочу ийне менен сайып өлтүргөн. Муну баланын эгизи карап турган. Эгиз балдар экөө тең психиологиялык жактан жабыркайт жана үй-бүлө психоневрологиялык диспансерде каттоодо турат. Булардан сырткары батирде баланын атасы да болгон, ал мас болчу. Ал ойгонгондон кийин, болгон окуяны көрүп, ата-энесине айткан, ал эми ата-энеси полиция чакырган.

Учурда полиция окуянын келип чыгышын иликтеп жатат. Ал эми балдар менен психологдор иш алып барышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости