www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 28…30 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости