www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 420 жараныбыздын үй-жайы талкаланып, өрттөлгөн эле. Бийлик жыл жаңырганга чейин үйлөрдү салып бүтөбүз деп убада берген. Тилекке каршы,  өз мөөнөтүндө болгону эки гана үй салынса, бүгүнкү күнгө чейин араң 39 үй бүткөн. Натыйжада, 4000ден ашык жарандарыбыз азыркыга чейин ар кайсы жерде баш калкалап жүрүшөт. 

Ал арада бийлик элге куру упчу эмизип, элдин тагдырын 20 жаштагы студентке байлап берип койгону коомдо чоң талкуу болуп жатат. 

Дегенибиз, бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнүп, ар бир там 3 миллион 315 миң сомго бааланган 420 үйдү курууга жарыяланган тендерди 7 компаниянын ичинен аты-жыты белгисиз Кыргыз улуттук университетинин студентине таандык "Аманат курулуш инвест" фирмасы утуп чыккан экен. 

"Спутник" маалымат сайтынын иликтөөсүндө Юстиция министрлигинин сайтында фирманы Бекбол Жанабек уулу 2021-жылдын 30-декабрында жалгыз өзү негиздегени жазылган. Кызыгы, Баткенге үйлөрдү курууга тендер 7-октябрда өткөн. Ошол учурда компанияны Жанабек уулу жетектеп турган. Ал 20 жашта, Кыргыз улуттук университетинде 3-курста окуйт. Окуу жайдын мугалимдери Жанабек уулу тоголок жетим болгондуктан контракт төлөөдөн бошотулган.

Ал эми 2022-жылдын 24-ноябрында жетекчилиги алмашып, 32 жаштагы Давид Камбаров ээлик кылып калган. Давид Камбаров болсо президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин айылдашы, ар дайым жанында жүргөн, тез татым ресторандарын башкарган жакын иниси болуп чыккан. 

Мына миллиарддаган тендерди уткан студенттин артында кимдин кулагы чыгып турганы сокурга дагы дайын десек жарашат. Дагы бир жагдай Баткендеги курулушту Мамкурулуштун жетекчиси эмес, Каныбек Туманбаев тейлеп жатканы көп нерседен кабар берет. 

Айткандай, бул жагдайга байланыштуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков "Спутникке" берген жообунда "Аманат курулуш инвест" курулуш компаниясына юридикалык жактан Каныбек Туманбаевдин тиешеси жоктугун, Давид Камбаров менен кайсы бир иш-чараларда чогуу болуп калганында эч кандай мыйзам бузуу көрбөгөнүн, айылдаш болуп калганы күнөө эместигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости