www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарганы маалым болду.

Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркаган кыздын атасы кабарлады.

12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын ишин апелляциялык тартипте карап, өкүм чыгарган.

Ага ылайык, Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 15 жылдан кесилишкен эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарып, 10 жылга соттолгон үчүнчү адамдын жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калды.

Бишкек шаардык сотунун кеңсеси 12-январда бул иш боюнча соттук отурум болуп, өкүм чыкканын ырастап, толугураак маалымат кийинчерээк болорун билдирди.

"Шаардык сот Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиция кызматкери болуп иштеген 34 жаштагы кызматкердин жаза мөөнөтүн тогуз жылга чейин азайткан чечим чыгарды. Биз бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кайрылабыз жана адилеттикти камсыздап беришин өтүнүп президент Садыр Жапаровго да жазабыз", - деди кыздын атасы.

Бишкек шаарды сотуна апелляциялык арызды Свердлов райондук сотунун чечимине нааразы болгон айыпталуучулар жазган.

Эскерте кетсек, 13 жашар кызды зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши - эки милиция кызматкери жана эки жаран соттолгон. Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир адамдын иши өзүнчө каралып, Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга кесилген.

Последние новости