www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Он үч жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган милиция кызматкерлеринин сотунун чечиминен кийин Ички иштер министрлиги алардын жетекчилерине карата чара көрөт. Бул тууралуу журналисттерге ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин жетекчилигине катуу сөгүш март айында эле жарыяланган. «Биз март айында сөгүш жарыялаганбыз. Ал эми сиздер бул ишти жакында эле билдиңиздер. Бул иш убактысынан тышкары болгон. Милиция кызматкерлери жумуштан кийин кайда бараарын жетекчилерине айтпайт», - деди милиция кызматкери.

Ал белгилегендей, зордуктоо боюнча айыпталган кызматкерлер беш жыл мурун аскердик-дарыгерлик комиссиядан өткөн. «Бизде ар бир кызматкер кызматын баштаганда комиссиядан өтөт. Алар да өткөн. Учурда ички иликтөө жүргүзүп жатабыз. Соттун чечими чыккандан кийин толук маалымат беребиз», - деп кошумчалады Улан Ниязбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости