www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жекшембиде күндүз айрым тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал-Абадда жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23...+28 жана Нарын жергесинде +24...+29 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +34...+36, Ош калаасында +36...+38 жана Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градусту көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg