www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургдагы өткөн экономикалык форумда алтын кыргыз сомун Эл аралык валюта кылуу сунушталды. 

Бул сунушту белгилүү экономист Сергей Глазьев валюта тууралуу сөз сүйлөп жатып айтты . 

“Кыргызстан алтынга байлана турчу санариптик, улуттук жана Эл аралык валютаны чыгарган алгачкы мамлекет боло алат. Эгер бул ишке ашып кетсе, Кыргызстан дароо дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурмак. Кыргызстан алтынга бай экенин баарыбыз билебиз, бирок алтынды казып алып, Эл аралык рынокто сатуу азыркы учурда перспективдүү багыт эмес. Ал эми алтындын негизинде эл аралык валютаны чыгарса, бир нече жолу талкууга алынган  “Алтын сом” идеясын ишке ашырсак, менин оюмча преспективдүү долбоор болмок”,- деди белгилүү экономист. 

Маалым болгондой, бул долбоор үстүбүздөгү жылдын 22-24-августтунда Түштүк Африкада боло турчу БРИКСтин саммитинде каралат. 

Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда Кыргызстандын экономикасы өсүп жатканы айтылды. Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда рынокко эркин кирүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошон үчүн баардык ишкерлер, анын ичинде Россиянын ишкерлери Кыргызстанда өзүнүн бизнесин жүргүзүүдө.  

Белгилей кетсек, 2022-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара соода тармагы тарыхый жогорку чекке жеткен. Мындан сырткары Россия Федерациясы менен Кыргызстан жакынкы арада энергетика рыногун түзүүнү пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости