www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык кагылышуу болгон. Анда расмий маалыматтар боюнча 447 адам каза болгон.
Мындай маалыматты ошол кездеги вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов парламенттин пленардык жыйынында билдирген. Анын маалыматы боюнча жабыркагандардын саны 2 миң 425 адамды түзгөн. Андагы окуяны козуткан орто даражадагы шектүүлөрдүн басымдуу бөлүгү кармалып, ар түрдүү мөөнөттөгү жазаларын алышкан. Бирок негизги уюштуруучулар кармалбай калып, жоопкерчиликке тартылган эмес.
Ал апаатка катыштыгы бар делип бир далай адамдарга дагы кылмыш иши козголуп, укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Алардын арасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун 45 жаштагы тургуну Мухидин Юлдашев деген жаран да бар. Анын 2010-жылдагы Базар-Коргон районунда массалык башаламандыкты уюштурууга катыштыгы бар делип, ага 2011-жылы издөө жарыяланган. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Диний, расалык жана улут аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айып коюлган. Бирок, Юлдашев Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүрүп, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай келген.
Мына ушул жылдын март айында ал Кыргызстанга кирүүгө аракет көргөн маалда укук коргоо кызматкерлери тарабынан аэропорттон колго түшүрүлгөн. Анын иши боюнча соттук териштирүү аягына чыгып, беш ай мурун эле өкүм чыккан экен. Ал Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен шарттуу түрдө жаза алып, абактан бошоп кетиптир. Мындай маалыматты “Азаттык” бүгүн 22-ноябрда маалымдады.
Булак: NazarNews.kg