www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ватсап өзүнүн колдонуучуларынын билдирүүлөрүн коргобой турганын айткан Телеграмдын түзүүчүсү Павел Дуров жеке каналы аркылуу кайрылуу жасады. Анда ал аталган тиркемени тезинен өчүрүп салууга дагы чакырык таштаган.

“Бул сунуштаманын начар жагы – жеке маалыматтарды хакерлер жана мамлекеттик мекемелер үчүн ачык калтырганында. Хакерлер болгону видео жиберүү менен сиздин баардык маалыматыңызды ала алат. Эгер сүрөт жана билдирүүлөрүңүздүн бир күнү коомчулукка таркап кетишин каалабасаңар, анда тезинен Ватсапты телефонуңуздардан өчүрүңүздөр!” – дейт Телеграмдын түзүүчүсү.

Дуров мында белгилегендей, Ватсаптын түзүүчүлөрү месенжердеги жеке сүрөт жана билдирүүлөргө чейин көз салып турат. Анын пикиринде Фейсбукка таандык болгон аталган мессенжер коомчулуктун маалыматын чогултуу боюнча АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги жүргүзгөн программага кошулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости