www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасы үчүнчү окууда “чет өлкөлүк агенттер” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам кабыл алды. Ага ылайык эми жеке адамдар да агент деп саналат. Мисалы, “чет өлкөлүк агент” болуп интернет аркылуу алардын материалдарын жарыялаган ММКда иштеген журналисттер да саналат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Орусия бийлиги “Радио Свобода” (“Азаттык”), “Голос  Америки” жана “Настоящее Время” телеканалын чет элдик агенттер деп тааныды. 

Өзгөртүүлөр чет өлкөлүк мамлекеттердин, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана чет элдик уюмдардын, чет өлкөлүк жарандардын же чет өлкөлүк ММКлардын маалыматын таратканы үчүн акча жана мүлк алгандарга тиешелүү. 

“Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Башында мыйзамга чет өлкөдөн каржыланып жаткан коммерциялык эмес уюмдар киргизилген.  

Ал эми ММКларга тиешелүү болгон “чет элдик агенттер” мыйзамы 2017-жылы кабыл алынган. 

“Орусиянын Мамлекеттик Думасы “ММК тууралуу - чет элдик агенттер” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр Радио Свободная Европа/Радио Свобода жана башка чет өлкөлүк ММКлардын  журналисттерин коркутууга багытталган коркунучтуу мыйзам. Ошондой эле Кремлдин макулдугу менен гана Орусиянын жарандарына маалымат жарыялана тургандардын дагы бир кадамы”,- деп Радио Свобода Европы/ Радио Свободанын президенти Жейми Флай айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости