www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Тараз шаарынын акимин иштен кетирүүнү буйруду. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, аталган өлкөнүн президенти жакында эле Тараз шаарында 12 жаштагы окуучуну сабак учурунда зордуктап кеткен окуядан кийин шаардын акимин иштен кетиргиле деп буйрук берген. 

“Тараздагы мектептеги окуядан улам Жамбыл облусунун акимине Тараз шаарынын акимин жумуштан алуу буйругун бердим. Облустун акимине болсо эскертүү бердим”, -деп Токаев Twitterдеги баракчасына жазып чыккан. 

Тараздын акими Кайрат Досаев болчу. Ал бул кызматка ушул жылдын 14-апрелинде келген. 

Эске салсак, Тараз шаарында сабак учурунда 12 жаштагы окуучу кыз мектептин дааратканасынан зордукталган. Мектептин ичинде бир эле даараткана бар, ал дагы көп учурда жабык болчу. Ошондон улам, мектеп окуучулары аргасыздан көчөдөгү дааратканага барышчу. Ал жерге көчөдө өткөн-кеткендердин баары кире алышат. Ошол көчөдөгү дааратканга 7-класстын окуучу кызы барган, ошол жерден ага педофил кол салган. Окуя тууралуу жабырлануучу өзү класс жетекчисине айтып берген. Эки сааттын ичинде кылмышка шектүү кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости