www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык миллиардер Владислав Доронин 3 жылдан бери Барвихадагы хан сарайын сата албай убара тартууда. Убагында аталган хан сарайды ал америкалык модель Наоми Кэмпбелл үчүн курдурган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты.
Mash өз маалыматында хан сарай 6,4 миллиард рублга бааланууда десе, «Метриум Петриумдун” директору Илья Менжунов 150 миллион долларга (9,6 миллиард рубль) бааланууда дейт.
Британ архитектору Захой Хадид иштеп чыккан бул хан сарай төрт кабаттан туруп, ичинде бассейн, спа-комплекс, спортзал, клуб жайгашкан. Үйдүн бийиктиги 35 метрди түзсө, жалпы аянты 3300 чарчы метрди түзөт. Ал эми бул хан сарайды курууга убагында Доронин 140 миллион доллар жумшаган.
Эске салсак, Доронин бул хан сарайды америкалык модель Наоми Кэмпбеллге үйлөнү алдында курдурган.
Доронин Наоми Кэмпбелл менен 2008-жылы таанышып, мамиле кылып келишкен, ал эми 2009-жылы түгөйлөр үйлөнүшмөк. Бирок, Дорониндин аялы Екатерина ажырашууга каршы болуп келген. Качан гана бизнесмен 10 миллион доллар бергенде, аялы ажырашуу арызына кол койгон. Бирок, бул убакытта Доронин менен Кэмпбелл экөөнүн мамилеси сууганбы, айтор, 2012-жылы экөө эки ажырым жолго түшүшкөн.
Булак: NazarNews.kg