www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доцент Мехмет Улуташтын котормосунда Садыр Жапаровдун "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ" китеби түрк тилинде которулуп чыкты. Кыргыз тилинде да эл таанысын деп кыргызча да котормосун берип жатабыз:
2010 -жылдын март айлары. Элдин нааразычылыктар күчөй баштаган. “Оппозиция 17-март күнү Курултай өткөргөнү жатат. Апрель айларында төңкөрүш кылышат экен. «Форумда» наркотик аралашкан коктейль жасап жатышыптыр. Төңкөрүш боло турган күнү элге беришет экен” деген кабарды капыстан угуп калдым. Менде чочуркоо пайда болду... Дароо эле бул маалыматты Мурат Суталиновко айттым. Азыр эстесем, ал киши мени жомок айтып жаткандай кабыл алган болуш керек. Негедир башка киши сүйлөп жаткандай эле оозума сала бергенсип: «Сүйлөшүүлөр жолу менен чечпесеңер, чатак чыгып кетчүдөй болуп турат. Жогору жактагыларга айтпайсызбы, оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барсын» - дедим. Суталинов бул маалыматка анча деле көнүл бурган жок. «Это блеф!» -деп койду. Чындап эле туура эмес маалымат болуп калбасын деп оюмду ага анча таңуулабадым. Ичимен өзүмчө бушайман болуп жүрдүм. Элди ойлошсо, мындай кадамдарга барбаса керек деп өзүмдү сооротуп койдум. Ошентип, кандуу 7-апрель окуясы болуп кетти. Аянттагы атышууларды, октон качпай, окко төшүн тоскондорду көрүп, баягы маалымат эске түштү. Ал күнү кандай болгонун, эмне колдонушканын бир кудай өзү билет. Айтыш кыйын. Биз кандай окуяны калчабайлы, 7-апрель 90 баланын өлүмү менен аяктады. Албетте, буга эки тарап тең күнөөлүү десек болот. Бийлик электр энергияны кымбаттатып, уюлдук телефондорго кошумча төлөм киргизип, карапайым элдин чөнтөгүнө кол салып жиберип, чоң ката кетирди. Оппозиция тарап болсо, “кан менен болсо да эптеп бийликти алалы” деген максатты коюшкан.
К.Бакиев түштүккө барып, өз айылы Тейиттен коргонуу таап жатып алды. Аны кармап келүү үчүн Убактылуу өкмөттүн эч кимиси даап бара албай, генерал Артур Медетбеков башында турган группа захватаны жөнөтүштү. Алар мына эми кармайбыз деп калган маалда, Роза Отунбаева телефон чалып: «Кармабай эле койгула. Өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп бергиле»- деген команда берип, президентти аман- эсен чыгартып жиберди. Эртеси эле күнү теледен чыгып: «Бакиев качып кетти. Аны акыры кармап келип, жоопко тартабыз. Чыдап тургула» -деп жооткотуп, 7-апрелде каза болгон балдардын туугандарын, жамы журтту алдап коюшту.
Ө.Текебаев башында турган 75 мүчөсү бар команда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга киришишти. Ошол эле мезгилде 10-октябрда боло турган Парламенттик шайлоого кызуу даярдыктар жүрүп жатты. Биз дагы “Ата-Журт” партиясын даярдап, Республикалык штаб түздүк. Мени башчысы кылып шайлашты. Адыл Жунусов аттуу досумдун Киев-Правда көчөсүндөгү 6 кабат имаратын алып, бир тыйын каражат төлөбөстөн Бишкек, Чүй жана Республикалык штабдарды жайгаштырдым. “Ата-Журт” партиясы деген дүркүрөгөн жарнамаларды кетире баштадык.
* * *
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн пикирлери бир жерден чыкпады. Ар кимиси шайлоочулардын добуштарын алып берүүчү күчтөрдү өз тараптарына тарта башташты. Ал мезгилде Кадыржан Батыров баарына керек болуп турган эле. Анткени, түштүктө шайлоочулардын 30 пайызы өзбек улутундагы жарандарыбыз экени баарыбызга маалым эмеспи. Атамбаев СДПК партиясына добуш алып берүүсүн суранып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ал үчүн Кадыржан Батыровдун каалаганына макул деп турду. Ал тургай Кадыржан Батыровдун «Ош облусун Өзбек автономиялуу облусу кылып, мени башчы кыласың» дегенине дагы «макул» деп жиберди. Экинчи тараптан “Ата Мекен” партиясы К.Батыровду өз тарабына тартыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты. Ошентип, Кадыржан Батыров өзүнүн авторитеттүү адам экенин сезип түштүккө барып, карапайым өзбек туугандарды чогултуп жыйын өткөрүп, “Мына, жыйырма жылдан бери күткөн максатыбызга жеттик. Биз менен эсептешпей коё алышпайт. Баланча деген өзбек жигитти тиги жерге зам кылып койдук. Түкүнчө деген өзбек жигитти бул жерге сам кылып койдук” деп карапайым элдин духун көтөрүп кетти. Ушул мезгилде Мелис Мырзакматов Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кат жөнөтүп, “Абал курчуп баратат. Тезинен чара көрбөсөңөр болбойт” деп жакшы эле чырылдады. Бирок,Убактылуу өкмөт, “Сен Бакиевдин кадрысың” деп, Мелис менен иштешүүдөн баш тартышты. Эгер ошол мезгилде дароо чара көрүлгөндө , Оштогу кандуу июнь кагылышы балким, болбой калат беле?
Карапайым эл Батыровдун айткандарына ишенип, чын эле бизге бийлик келген экен деп, 2010- жылдын 10- июнь түнү түштүктө улуттар аралык жаңжал башталышына чок салды.
* * *
2010-жыл, 11-июнь. Эртең мененки саат 7:30 да Арзыбек Бурканов телефон чалды. Мынча эрте чалды деп, дароо трубканы алдым. Арзыбек Баткен облусу боюнча партиянын штаб башчысы эле. «Түндөтөн бери, өзбек туугандар кыргыздарды кырып жатышат. Түнү менен Баткенден келип, студенттерибизди алып кетели деп Оштун четинде кире албай турабыз» - деди. Бул суук кабарга бир ишенип, бир ишенбей, кайра такып сурап жаттым. Дароо Камчыбек Ташиевке чалдым. Тура элек экен. Трубканы аялы алды.  «Тез штабка келсин. Ошто жаңжал чыгыптыр, жөнөйлү», - дедим. Саат 8:00 дө Республикалык штабка жетип келип, туш-тарапка телефон чала баштадым. Саат 9:00 дө Камчыбек Ташиев келди. Экөөбүз кеңешип, түшкү саат 14 дө Ош тарапка жөнөмөй болдук. Ал ортодо болжол менен саат 11 де Акматбек Келдибеков менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал Ошко Алай жактан кире бериш жеринде (Фурхатта) элдин арасында калганын, эл курал сурап турганын, Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков элден эптеп суурулуп чыгып, тик учакка олтуруп кетишкенин айтып берди.
«Биз чыгып жатабыз, түнү менен жүрүп, эртең менен барып калабыз, ошол жерден тосуп ал»- дедик. «Макул», -деп, ошол жерден бизди тосуп алмай болду. Түнү менен жол жүрүп олтуруп, 12-июнь күнү эртең мененки саат 6:30 дарда болжошкон жерге келдик. Биздин аркабыздан ээрчиген машиналар абдан эле көп болуп кетти. Келсек, 10 миңге жакын эл турган экен. Бизди тосуп алуучу Акматбегибиз жок. Эл башаламан. Ызы-чуу. Бирине- бири баш ийбейт. Кан майданды элестетип жатты.Эл менен сүйлөшүп, баарын тартипке салып, Ош шаарына кирип бардык. Ош ичин өрт каптап, будуң-чаң болуп жаткан мезгил экен. Элдин арасына кирип, тынчтандырганга аракет кылып жүрдүк. Эки күндөн бери тууган- уруктарынан ажыраган кыргыз жигиттеринин ачуусунан бир канча өзбек аялдарын кичинекей балдары менен Камчыбек Ташиев сактап калды. Бир маалда түндөсү тууган- уруктарынан ажыраган кыргыздар К.Ташиевке ызырынып, “азыр атып салабыз деп жатышат. Элдин арасынан кетип калгыла” деген кабар келди. Саат 12 лер чамасында Ички иштер башкармалыгына бардык. 200 дөй жоокер, 2 танка, 3 БТР турган экен. Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Дүйшөн Чотонов, Алишер Сабиров жана Фаттаховдор болуп,ичинде олтурушкан экен. Саат 13төр чамасында Акматбек Келдибеков келди. Алмазбек Атамбаевке телефон чалып, -«Шаарда кожоюн жок. Курсан Асановду комендант кылып койбосоңор болбойт» -деди. Дароо эле макул болуп, Курсан Асановду комендант кылып берди. «Ички иштер башкармалыгына Ө.Суваналиевди алып келели» деди. Ага да дароо эле «макул» деди. Анткени, А.Атамбаев эмне кыларын билбей, Бишкектен чыккандан коркуп, үйүндө жаткан эле. Кийин баары тынчып, стабилдешкенден кийин, июнь айынын аягында гана үн ката баштаган.
Садыр Жапаров. "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ",

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости