www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Талантты карызга бербейт эч ким колго,

Талант бул Жараткандан алган олжо”

 Жусуп Баласагын

- Кесип сени тандадыбы же сен кесиптиби?

- Кесип мени тандады десем туура болот го. Себеби мен эч качан актёр, юморист болом деп кыялданган эмес элем.

- Мектепти жаңыдан бүткөн кезде ырчы болом деген кыялым бар болчу. Ырчылык өнөр аябай жакчу. Эрмек Нурбаев, Арслан Ибрагимов агаларыбыз жетектеген “Тамашоу” долбоору ачылып, Ак-Өргөдөн жигиттер менен чогулуп барып, кокусунан эле мен дагы кошулуп коюп ойноп калдык. Киного дагы Эрнест Абдыжапаров агабыз “До+Фага” чакырып, мен ошол жакта экинчи пландагы ролду жаратып, ошондон улам киного болгон кызыгуум пайда болуп калды. Көпчүлүк келип, кино актёр болсоң болчудай экен, себеби сен камераны жакшы сезет экенсиң” деп кеңештерин беришип, актёр болуп калдым.

- Сени көбүнчө комедия ролдордон жолуктурабыз, олуттуу ролдорду өзүңдү сынап көргүң келеби?

- Ооба, көбүнчөсү аткарган ролдорум комедия жанрында. Албетте, олуттуу ролдордон өзүмдү сынап көргүм келет. Акырындан карап ошондой жанрдагы актёрлордун ролун көрүп такшалайын деген оюм бар. Бир заматта эле олуттуу ролду аткарып эл дагы кабыл албай калышы ыктымал. Ошондуктан акырын акырындап элди көндүрүп эпизоддорду аткарып аракет кылсак ойносок болот. Жакшы бир олуттуу роль ойноп элге талантыбызды көргөзбүз деп ойлойм.

- Чыгармачылыгыңды колдоп түшүнгөн жубайың ды да экрандан көрүп калабыз. Үй-бүлө сен үчүн...

- Ооба, келинчегим Айгерим өзү чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгондуктан, менин чыгармачылыгымды ар дайым колдоп келет. Өзү дагы таланттуу, вайндарда ойноп калат. Биринчи орунда мен үчүн үй-бүлөм турат. Ата-эне, биртуугандар, жакындарымдын амандыгы болсо, андан өткөн бакыт барбы?! Үй-бүлөм менин бул жашоодо тапкан бар байлыгым. Үй-бүлөгө мен өтө кылдаттык мамиле менен караш керек, үй-бүлө куруу бир заматта, ал эми андан ары жашап кетүү кыйын нерсе.

Жубайлардын ортосундагы сүйүүдөн дагы баалуу нерсе бул-ишеним. Бир-бирине болгон ишеним мамилени бекемдетет. Келинчегиме жолдошуна болгон бийик мамилеси, балдарына болгон мээрими, кайын журтуна болгон ыйманы, төркүнүнө болгон күйүмдүүлүгү мына ошол коломто отун өчүрбөй сактап келе жаткан акыл-парасатынан деп баа беремин. Анан биз, мырзалар аялды баалоо керектигин түшүнүп калабыз да. Келинчегим Айгерим, эки канатым: Хамза менен Марат менин бар байлыктарым, үй-бүлөмсүз жашоомду такыр элестете албаймын, үй-бүлөм бар, мен бар.

- Баланы ата күтөт тукумуң улансын демекчи, атанын сүрү да өзгөчө деп айтылат го кыргызда.

- Атам Чогулдур уулу Жумабек Нарын областына караштуу Он-Арча (Эчки-Башы) айылынан. Атанын сүрү дегенди мен ошол атага болгон сый, атага болгон урмат деп түшүнөм. Кыргызда тээ илгертен атанын ордун бийик кылып сүрөттөп, мына биздин муунга чейин жеткирип келишпеди беле. Апам акка моюн сунуп кеткенден кийин, атам 6 баласына татыктуу тарбия берип, үйлөнтүп-жайлантты. Атам сөз менен тарбиялаган, кыраакы киши. Анын бала кезде айткан насааты: “Балдарым, элибизге ак кызмат өтөп, адал мээнет менен жан баккыла” дале да кулагымда жаңыра берет. Өзү таланттуу киши, Жараткан өмүрүн узак кылсын. Мен ойногон каарманым Союзбектин кулк-мүнөзүн, баскан-турганын атамдан алгам.

- Чет өлкөлүк актёрлордон ким менен партнёр болгуң келет?

- Орусиядан ала турган болсок, Сергей Безруков менен бир тасмада партнер болуп тартылгым келет, дүйнөлүк масштабдагы актёрлордон Джони Депп, Леонардо ди Каприо менен биргеликте роль жаратмакмын. Кудай-Таалам буйруп, дүйнөлүк деңгээлге чыгып калаттырбыз. Кыргыз киносу бараткан жол жакшы бир динамикада келе жатат. Биздин эл кыргыз киносунун өнүгүүсүнө салым кошуп, ютубдан көрүп алам дебестен, атайын туугандары менен кино театрларга келип көрүшсө... Кино тармагы өнүгүү жолунда болот. Кино тармагы өскүн сайын, актёрлордун дагы талантынын өрчүшүнө шарт түзөт. Сандан сапатка карай кетип баратат. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу, бизде кино театрлар аз, ошондуктан, кино жааты акырындан болсо дагы өсүү жолунда. Кийинчерээк дүйнөлүк деңгээлдеги актёрлор менен бир тасмада аткарып калышыбыз толук мүмкүн.

- Алдыга койгон максаттар?

- Алдыга койгон максаттар көп. Максатка карай жолдомун.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости