www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Алимбеков Атазовго жооп берди

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков («Кыргызстан») кесиптеши Шайлообек Атазовдун («Ата Мекен») 28-ноябрда парламентке депутаттарды шайлоодо Төлөйкөн округундагы мыйзам бузуулар боюнча билдирүүсүнө жооп берди.

«Ал айткандардын баары жалган. Жеңилгенди моюнга алууну да билиш керек. Ал 17 миң добуш алганын айтып жатат, биз керек болсо 19 миң добуш алдык», - деди Алимбеков.

Депутат ошондой эле Атазовдун мүлкүн, ал аны кантип жыйнаганын текшерүүнү өтүндү.

Өз кезегинде депутат Айбек Осмонов («Бир Бол») кесиптештерин сабырдуулукка чакырды: «Бул кызматта эч ким түбөлүккө калбайт. Бири-бириңерди күнөөлөгөнүңөрдү токтоткула».

Алимбеков да, Атазов да Төлөйкөн районунан парламенттик шайлоого ат салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости