www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фондунан көп суммадагы кредит алууга ниет кылган Өмүрбек Бабанов эки жолу максаты орундалган эмес. Үчүнчү жолу Кубанычбек Кулматовго казак олигархы Машкевич ортомчулук кылып Бабановго 17 миллион доллар алып берген. Фонддун уставы боюнча берүүлүчү кредит өндүрүшкө, айыл чарба, завод-фабрикаларга жумшоого максатталган. Өмүрбек Бабанов Машкевичтин жардамы менен фонддун принциптерин бузуп соодага салып, мыйзамсыз ишке барган. 4 пайыздык үстөк менен чоң каражатка ээ болгон. Аны менен Бишкек шаарынын чок ортосуна “Азия молл” деген соода борборун курган.
Ал кездеги президент Назарбаевдин администрациясынын жетекчиси Аслан Мусиндин ишенимдүү адамы Амзеев деген бар. Аслан Мусин ал кездеги Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен да активдүү кызматташкан, ал 2017-жылы казак КГБсын (КНБ) жетектеп турган. Ак-Төбөлүк Амзеев Орусияда жашайт, казак. Чындыгында ал Мусин менен Масимовдун Орусияда өкүлү, ошону менен КНБнын Орусиядагы агенти. Кыргызстандык Бабанов менен Назарбаев жактан колдоо издеп жаткандыктан Амзеев ортого түшөт. Бабанов бул колдоону 2010 -жылдан баштап издеген. 2017 –жылдын сентябрында Назарбаев Бабанов менен Астанада жолугушуп, ага колдоо көрсөтөрүн айткан.
Бабанов ким менен кааласа жолугууга мүмкүнчүлүк алат. Кааласа шайтан менен, ал эмес Казакстанда бийликти ээлеп алган кылмышкер жана коррупционер менен да. Анын стилинде саясий атаандаштарын жок кылып, биздин элдеги эркиндикти тартып алуу керек болгон. Ошол ыкмалар менен жүргөн Бабанов президент боло электе эле өлкөнүн негизги байлыгын басып алып ченемсиз байыган. Бул жерде Бабанов эмнени каалаган? Назарбаев «колдоосу» үчүн ордуна эмне берет эле?
Кыргыз эли жакшы нерсени күткөн эмес. Бабанов Кыргызстандагы эркиндикти кандай жол болсо да тумчуктуруп жок кылгысы келген. Ал үчүн көз карандысыз жана эркин Кыргызстан болбогон нерсе эле. Бабанов Казакстанга баш ийген «марионетка» Кыргызстандын президентин каалаган. Ошол үчүн бардыгына даяр эле. Кыргызстан артты көздөй авторитардык режимге кайтабы ага бары бир эле.
Ошонун айынан Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арасын бууп, Кыргызстандын шайлоочуларына казактар тарабынан кысым көрсөтүлгөн. Анткени, Бабановго Казакстанга көз каранды Кыргызстан керек эле.
(уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»